Вашингтондогу атышуудан АКШнын Улуттук гвардиясынын жоокери каза болду

Дүйнө Загрузка... 28 Ноябрь 2025 10:05
IMG_9330.png

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Президент Дональд Трамп Вашингтондун борборундагы атышуу учурунда жаракат алган АКШнын Улуттук гвардиясынын аскери, 20 жаштагы Сара Бекстром каза болгонун билдирди. Бул тууралуу BBC агенттиги жазды.

Экинчи жабырлануучу 24 жаштагы Эндрю Вульф расмий маалыматтарга ылайык, критикалык абалда.

Окуя шаршемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 чамасында болгон. Белгисиз киши аскерлерге жакын аралыктан ок аткан. Полиция шектүү 29 жаштагы Афганистандан келген Рахманулла (Рахматулла) Лаканваланы кармаган. Кармоо учурунда ал октон төрт жеринен жаракат алган.

Сара Бекстром 2023-жылдын июнь айынан бери Улуттук гвардияда кызмат өтөп келген жана Ыраазычылык күнү (День благодарения) ыктыярдуу түрдө нөөмөткө чыккан. Ал Вульф менен бирге Ак үйгө жакын эл көп жүргөн аймакта күзөттө болгон. Атышуу болгон соң укук коргоо органдары дароо окуя болгон жерге келип, жабыркагандарга жардам көрсөтүшкөн.

Колумбия округунун федералдык прокурору Жанин Пирро Лаканвалага бир нече беренелер боюнча, анын ичинде киши өлтүрүүгө аракет кылуу жана ок атуучу куралды мыйзамсыз колдонуу боюнча айыптар коюларын билдирди. Башкы прокурор Пэм Бонди мекеме аны өлүм жазасына тартууну көздөп жатканын билдирди.

АКШ бийлигинин маалыматына караганда Лаканвал 2021-жылы афган жарандарына каралган Operation Allies Welcome программасы аркылуу АКШга келген. Буга чейин ал америкалык күчтөр менен кызматташып, Кабул аэропортунун коопсуздугун камсыздоого катышкан. 2024-жылы ал башпаанек суроо өтүнүчүн берип, 2025-жылдын башында кабыл алынган.