Вашингтондо Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу талкууланды

Министрлер кабинети 15 Апрель 2026 18:55
69df8a15289b7.jpeg
69df8a1aeefb9.jpeg
69df8a1508b1e.jpeg
69df8a157cf9e.jpeg
Алдыга
Артка
69df8a15289b7.jpeg
69df8a1aeefb9.jpeg
69df8a1508b1e.jpeg
69df8a157cf9e.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия аймагындагы инфраструктура боюнча аймактык директору Чарльз Кормье менен жолукту.

Жолугушуу ЭВФ менен Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы стратегиялык маанидеги Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну ишке ашыруу болду. Бул долбоор бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн энергетикалык туруктуулугу үчүн чечүүчү мааниге ээ.

Жолугушууда Адылбек Касымалиев белгилегендей, учурда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашуунун текстин тактоо боюнча активдүү консультациялар жүрүп жатат.

Жолугушуунун соңунда долбоорду ийгиликтүү алдыга жылдыруу жана анын инвестициялык этапка өз убагында киришин камсыздоо боюнча аракеттерди мындан ары координациялоо боюнча милдеттенме тастыкталды.