Бишкек, 13.10.25 /Кабар/. Мальтанын борбору Валлетта дүйнөнүн эң кооз борбор шаары деп аталды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги Condé Nast Traveller журналына шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматка ылайык, Валлетта Париж, Афина жана Лиссабон сыяктуу дүйнөгө таанымал туристтик борборлорду артта калтырып, 2025-жылдагы “Окурмандардын тандоосу” (Readers' Choice Awards) сыйлыгында биринчи орунду ээледи.
Жалпысынан 182 миңден ашуун окурман шаарды маданияты, улуттук ашканасы жана меймандостугу үчүн добуш берген.
Шаар 100 баллдык шкала боюнча 97,33 упай топтоп, Европанын эле эмес, дүйнө жүзүндөгү саякатчылар үчүн эң мыкты борбор деп табылды.
Валлетта — аянты бир чарчы чакырымга жетпеген, барокко стилиндеги сарайлар, чептер, байыркы чиркөөлөр жана тар көчөлөр менен кооздолгон шаар. Ал 16-кылымда Мальтанын күжүрмөндөрү тарабынан негизделген жана 1980-жылдан бери ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирет.
Ошондой эле Валлетта кинематография жаатында да белгилүү. Бул жерде Гладиатор, Троя жана “Тактылар оюнунун” биринчи эпизоду тартылган.