Валентина Шевченконун кийинки беттеши ким менен болору белгилүү болду

Спорт Загрузка... 20 Февраль 2025 14:15
WhatsApp Image 2025-02-20 at 11.19.32.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Ultimate Fighting Championship кыргызстандык Валентина Шевченко ким менен беттеше турганын жарыялады.

UFCнин басма сөз кызматы кыз-келиндер арасындагы жеңил салмактагы чемпион Валентина Шевченко сегиз бурчтукта франциялык Манон Фиоро менен беттешерин билдирди.

Беттеш 2025-жылдын 10-майында UFC 315 турниринин алкагында өтөт.

Эске салсак, Шевченко акыркы беттешин 2024-жылдын 14-сентябрында өткөрүп, анда италиялык Алекса Грассону жеңип, чемпиондук курга ээ болгон.