Алгачкы сүйүүсүн аэропортто тапкан Бивол, куралдуу кол салуудан аман калган Шевченко. Кыргызстандык спортчулардын жашоосундагы кызыктар

Спорт Загрузка... 24 Февраль 2025 17:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Дүйнө жүзүнө Кыргызстандын желегин желбиреткен чыгаан уул-кыздарыбыз көп. Алардын ичинде бүгүнкү күндө спорт тармагында дүйнөгө атагы чыгып, ийгиликтерди жаратып келе жаткан мекендештерибиз мушкерлер Дмитрий Бивол менен Валентина Шевченко тууралуу кызыктуу маалыматтарды, окурмандар менен бөлүшүүнү туура көрдүк. Төмөнкү материалда спортчулардын кичинекей кезинен тартып, бүгүнкү күнгө чейинки басып өткөн жолу, спорттогу карьерасы жана алар тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

Белгилүү мушкер Дмитрий Бивол 1990-жылы Токмок шаарында төрөлгөн. Алты жашында дал ушул Кыргызстанда бокс менен машыга баштаган. Ата-энеси гектарлаган жерлерди иштетип, дыйканчылык менен алектенген карапайым адамдар болушкан. Алар дыйканчылыктан тапкан каражатты үй-бүлөсүн багууга жана уулунун хоббиси болгон спортуна жумшачу. Себеби, ал кезде жаш спортчулар кандай мелдешке барбасын, ата-энелери чыгашасын толугу менен төлөшөөр эле. Жаш спортчулар турнирлерде коргоочу каскасыз жана атайын бокска арналган бут кийим алганга акчалары жок болгондуктан чех элинин улуттук бут кийимдерин кийип машыккан учурлар болгон.

Дмитрий балалык кезин эстегенде, ата-энеси болгон акчасы анын турнирлерине жумшаганын эстеп, утулуп калуудан коркконун айтканы бар. Атасы Юрий молдован, апасы Елена корей улутунан. Кийинчерээк алар үй-бүлөсү менен 2002-жылы Дмитрий 12 жашында Россиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кетишет. Ал жактан, машыгуусун таштабай, тескерисинче күчөтө берген. Жыйынтыгында Бивол эң алгачкы 2007-жылы чемпиондук курга жетип, жеңишке ээ болгон.

Ошентип ал дүйнөлүк аренага бет алуу менен Кыргызстандын кичинекей шаарынан чыккан мушкер дүйнө жүзүн багындыра алаарын далилдеп, арты-артынан жеңишти камсыздай берген. Дмитрий Бивол өз кайрылуусунда, «Токмоктон Вегасты көздөй жол бар экен да. Болгону иштеш керек»,-деп айтканы бар. Ал айрым беттешүүлөрүнүн алдындагы машыгуусун Кыргызстанда өткөрүп келет. Кыргызстан анын жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлерин айткан Бивол былтыр Парижде өткөн дүйнө чемпионатынан коло медаль багындырган боксчу Мунарбек Сейитбек уулун дасторкон үстүндө сыйлап, акчалай сыйлык тапшырган. Тажрыйбалуу мушкер мекендеши Мунарбек Сейитбек уулуна бокс боюнча акыл-насаатын айтып, жеке машыктыруучусун да кошо сыйлаган.

Дмитрий Бивол «Кыргызстан менин бир бөлүгүм» деп айтканы маалымат булактарында тарап жатат. Ал туулган жери, балалыгы, бокс жөнүндө кыска маек берип, анда мушкер Кыргызстанда туулганын, өзүн чыныгы Советтер Союзунун баласы сезээрин белгилеген.

«Кыргызстанда төрөлдүм, ал жерде бактылуу балалык кезим өткөн. Орус тилинде сүйлөйм. Учурда Россияда жашайм .Мен эч качан Кыргызстанда туулганымды четке какпайм. Бул өлкөнү сүйөм, ал менин бир бөлүгүм. Акыркы эки беттеште желексиз эле чыктым. Бирок уюштуруучулар Кыргызстандын желегин кошуп коюшуптур. Жагымдуу болду. Негизинен Россиянын туусу астында рингге чыгып жүрөм»,- деген.

Анын ошондой эле «Мен чемпиондук кур кимде болсо, ошону алууга жортуулга чыгам. Анын ээси ким экендиги кызыктырбайт, мени кур кызыктырат», - деп айтканы бар.

Бивол тууралуу кызыктуу фактылар:

- Боевик кинолорду көрүп, андагы актерлордун мушташканына шыктануусунан улам спорт менен алектене баштаган;

- Алгач спорттун ушу деген түрү менен машыккан. Бирок кийинчерээк атасы бокска алып барган;

- Эки жогорку билимдин ээси.

- Атасы Юрий дайыма уулунун беттештерине катышып, рингдин бурчунда турат.

- Эки уулунун апасы Екатерина менен 16 жашында Санкт-Петербургдагы аэропортто таанышып калган;

- Кичүү Жо Смит менен беттеште 208 так сокку урса, каршылашы 39 жолу гана көздөгөн жерине тийгизген;

- "Нокаут года", "Звезда дворца" ардактуу наамдардын ээси, "В области спорта" сыйлыгынын лауреаты.

2022-жылы Бивол катардагы жеңишин камсыздап мексикалык Сауль “Канело” Альварести жеңгенден кийин аны президент Садыр Жапаров куттуктап, андан кийин мушкер Кыргызстанга келгенде атасы экөөнү президент кабыл алган.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн дагы бир кыргызстандык мушкер, UFC'нин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко.

«Пуля» каймана аты менен таанымал Валентина Шевченко күрөш дүйнөсүндөгү титулдарды эң көп мушкер айымдардын бири. Ал 1988-жылы 7-мартта Бишкек шаарында туулган. Беш жашынан тарта "Фучик" сейил багындагы таэквондо секциясына барып, машыктыруучу Павел Федотовдун колунда машыга баштаган. Ал 12 жашында биринчи профессионалдык беттешин өткөргөн, анын атаандашы 17 жашта болгон. Валентина 14 жашында аралаш мушташ боюнча дебют жасаган. Атасы - Анатолий Шевченко, Тынч океан флотунун мурдагы морягы, апасы Елена Шевченко таэквондо боюнча кара курдун ээси. Ал Кыргызстандын, Перунун жана Россиянын жарандыгын алган.

Кыргызстанда спорттук карьерасын баштаган Валентина Россияга көчүп барып, ал жакта бир нече жыл машыккан. Кийинчерээк ал Перуга чакыруу алган. Валентина өзүнүн бардык беттештерине эки желектин астында чыгат. Ал Кыргызстан менен Перунун туулары. Анын Кыргызстанга болгон сүйүүсү чоң, мекени менен сыймыктанарын көп айтат.

Чет өлкөгө кетүүсү. Шевченко чет өлкөгө кеткенинин бирден - бир себеби спортто өсүү аракети болгон. Алгач, 2005-жылы машыктыруучусу жана эжеси Антонина болуп, Россиянын Сочи шаарына барып турукташып калышат. Ал жакта тай боксу боюнча 4 жолу Дүйнө чемпиону аталган. Акырында Сочиде Валентинага атаандаш калбай калып, Латын Америкадагы Перуга көчүп кетишет. Андан соң Бразилия, Аргентина, Парагвай жана Мексикага чейин барып жергиликтүү мушкерлердин баарын жеңип койгон.

UFCге карай ташталган кадам. 2015-жылдын 27-февралында ал Legacy Fighting Championship 39 турниринде чемпион болгон. Бул ийгиликтен кийин Шевченкого UFC уюмунун көзү түшкөн. Адаттагы эс алуу үчүн Балиде жүргөндө, ага менеджери байланышып, UFC де Сара Кауфман менен беттешке чыгуу сунушу түшкөнүн айтат. Ал кезде беттешке бир жумадай гана убакыт калса да Валентина ойлонбостон макулдугун берет. Дароо келишимге кол коюлат . Мушкер Орландого учуп барып, машыгуу өткөрүп жыйынтыгында Сара Кауфманды утуп алган. Мындан улам UFC жетекчиси Дана Уайт аталган уюмда дагы жети беттеш өткөрүү келишимин киргизген. Ошентип 2015-жылдан баштап Валентинанын UFC деги карьерасы башталат. Учурда Валентина Шевченко UFC уюмунун эң көп маяна алган 10 мушкердин катарына кирет.

2015-жылдын 19-декабрында АКШнын Орландо шаарында UFCдеги дебюттук беттешин өткөрүп, Strikeforce боюнча мурдагы чемпион канадалык Сара Кауфманды жеңген. 2016-жылдын 5-мартындагы экинчи беттешинде Валентина Аманда Нунестен (Бразилия) жеңилип калган. Бирок, бул ийгиликсиздик Шевченкону капаланткан жок.

2016-жылдын 23-июлунда Чикагодо ал кийинки беттешин Холли Холм (АКШ) менен өткөргөн. Ал америкалыкты жеңип, жеңил салмактагы UFC титулуна ээ болгон.

2017-жылдын 9-сентябрында UFC уюмунун жеңил салмактагы аялдар арасындагы чемпиондук наамы үчүн болгон беттеште ал бразилиялык Нунеске кайрадан жеңилип калган.

2018-жылдын 8-декабрында ал польшалык спортчу Йоанна Йеджейчикти жеңип, UFC уюмунун жеңил салмактагы аялдар арасындагы чемпиону титулуна ээ болгон. Бул беттеш Канаданын Торонто шаарында өткөн UFC 231 турниринде өттү.

2019-жылдын 8-июнунан 2022-жылдын 11-июнуна чейин Шевченко жети жолу чемпиондук титулун коргой алган.

2023-жылдын 4-мартында Лас-Вегаста (АКШ) ал UFC кыз-келиндер арасындагы жеңил салмактагы чемпиондугунда мексикалык Алекса Грассого утулуп калган, ал арткы жылаңач муунтууну ийгиликтүү колдонгон.

2023-жылдын 16-сентябрында Шевченко кыз-келиндер арасындагы жеңил салмактагы UFC чемпиондугу үчүн рингде кайрадан Грассо менен беттешкен. Күрөш калыстардын чечими менен тең чыгуу менен аяктады.

Жалпысынан ал ММА карьерасында 27 беттешке катышып, анын 23үн жеңген. Ал таэквондо жана муай-тай боюнча Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери, бокс жана дзюдо боюнча Россиянын спорт чебери. Ал Tiger Muay Thai командасы үчүн ат салышат.

Валентина Шевченко тууралуу кызыктуу фактылар:

- Валентина мыкты мушкер гана эмес, бийчи дагы, ал бир нече элдин бийин бийлейт. Лезгинканы катыра бийлеп, гитарада ойноп, ырдаганды жактырат, сүрөт тартат. Ал дайыма рингге чыгаарда лезгинка бийлеп анан чыгат.

- Бий мектебинде сабак берет.

- Мушкердин актрисалык да шыгы бар. Ал америкалык актриса Холли Берри тартып жаткан тасмада терс каармандын ролун ойногон.

- Бейшеналиева атындагы искусство институтунда режиссура адистиги боюнча билим алган.

- Валентина Шевченко өзү билим алган Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Улуттук искусство университетинин ардактуу профессору.

- Жаа атканды жакшы көрөт. Ал «мен атканды билип, тапанчам болгонуна карабастан, аны көтөрүп жүрбөйм. Жаа атууну спорттун бир түрү катары карайм»,-деп айтканы бар.

- Куралдуу кол салуудан аман калган. 2016-жылы 31-майда Валентина Шевченко машыктыруучусу менен Перудагы ресторандардын биринде тамактанып отурганда, беткапчан үч адам кассадагы акчаны алуу үчүн бастырып киришкен. Машыктыруучу каракчылардан коргонуу үчүн тапанчасын колдонуп ичине ок жеп, бирок спортчуну коргоп калган.

- 2003-жылы ал аралаш мушташ боюнча (ММА) биринчи беттешин өткөргөн.

- 15 жашында 25 жаштагы атаандашы менен рингге чыккан.

- UFCге келгенге чейин тай боксу, кикбоксинг жана ММА боюнча 17 жолу дүйнө чемпиону болгон.

Спортчу мекени Кыргызстанга келип турат, ал жаратылыш койнунда, Ошто жана Ысык-Көлдө эс алып жүргөнү, көк бөрү оюнуна көз салган видеолору тараган. Ошондой эле Бишкектеги өзү окуган мектепке барып кеткен. Муну менен катар күйөрмандары менен жолугушуу да өткөргөн учурлар болгон.