Ташкент, 02.07.25. /Кабар/. Өзбекстандын футзал боюнча улуттук курамасынын Азия чемпиондугунун тандоо этабындагы атаандаштары такталды. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол ассоциациясынын маалымат кызматы кабарлады.
Чүчүкулак тартуунун жыйынтыгында Өзбекстандын курамасы F тайпасына туш келди. Бул тайпадагы атаандаштары — Кыргызстан, Чыгыш Тимор жана Палестина.
Өзбекстандын командасы алгачкы оюнун 20-сентябрда Палестинага каршы өткөрөт.
Андан соң, 22-сентябрда Чыгыш Тимор менен беттешет.
F тайпасындагы тандоо оюндары 24-сентябрда Кыргызстан менен боло турган оюн менен жыйынтыкталат.