Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионатында өлкө үчүн тарыхый алтын медаль багындырылды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Көркөм гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарова билдирди.

Анын айтымында, 18-24-июнь күндөрү өспүрүмдөр арасында көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионаты Болгариянын София шаарында өттү. Анда жаш гимнаст Злата Аркатова биринчи орунду багындырды.
“Бул эл аралык мелдешке 72 мамлекеттен 370тей гимнаст катышты. Биздин өлкөдөн Асел Арапова жана Злата Аркатова күч сынашты. Асел Арапова 15-орунду камсыздады. Ал эми Злата Аркатова биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Бул жеңиш Кыргызстан үчүн, өлкөнүн көркөм гимнастикасы үчүн чоң ийгилик. Финалга эң күчтүү делген 8 гимнасттын катарында биздин кызыбыз чыкканда эле биз аябай сүйүнгөнбүз. 72 мамлекеттин арасында биздин кыздар жетиштүү деңгээлде өз чеберчилигин көрсөтө алды”, - деди ал.
Көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, жаш гимнаст Злата Аркатова 4 жашынан бери көркөм гимнастика менен машыгууда. Ошондон бери күндөн-күнгө спортко болгон кызыгуусу артып, гимнастикада өзүн сыноонун үстүндө.

“Турнирге машыктыруучулар менен көп убакыт даярдандык. Биз финалга чыгуу максатын койгонбуз. Мен өлкөмдү татыктуу таанытып, таза жеңишке жетүүгө аракет кылдым. Финалга Польша, Казакстан, Египет, АКШ, Австралиядан күчтүү кыздар чыкты", - деди Злата Аркатова.
Кыргызстандын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Жаңыл Каймазарова белгилегендей, Азия жана дүйнө чемпионатына гимнасттар республикалык чемпионаттын алкагында тандалып чыгат. Андан күчтүү гимнасттарды карап, машыгуулар улантылат.
“Сингапурдагы Азия чемпионатынан келгенден кийин биз дүйнө чемпионатына даярдыктарды баштаганбыз. Кыздар менен бир күндө 8 сааттан талыкпаган машыгууларды өткөрдүк. Үмүтүз акталып, эмгегибиздин акыбети кайтып, жеңиш биз тарапта болду”, - дейт машыктыруучу.
Машыктыруучу-хореограф Гүлнар Мамыркулованын пикиринде, окуучусу Злата Аркатова менен дүйнө чемпионатын утурлай жаңы программанын алкагында көнүгүүлөр иштелип чыккан.

“Кыргызстандын куржунуна салынган медалдын келишине жамааттык эмгектин салымы чоң экенин айткым келет. Ошондой эле гимнасттарды мелдештерге катыштырууга ата-энесинин каржылык жактан колдоосу зарыл. Мен Златанын атасын чемпионатка кызыбызды катыштырууга көндүрдүм. Өзүм аралыктан болсо да, кеп-кеңешимди берип жаттым. Ошентип, биз алтын медаль уттук”, - деп сүйүндү хореограф.
Маалымат жыйынында Назира Айдарова жаш гимнасттар бүгүнкү күндө машыга турган имаратка муктаж экенин, бул маселе жакында чечилип калса, гимнасттардын ийгилик жаратуусуна өбөлгө түзөрүн кошумчалады.