Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. UFC спорт уюмунун чемпиону жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору Валентина Шевченко көчмөн маданиятынын спортчулар үчүн мааниси тууралуу пикири менен бөлүштү.
Анын айтымында, көчмөн — бир жерде токтоп калбаган, табият менен айкалышта жашаган, бардык шартта өз күчүнө жана мүмкүнчүлүгүнө таяна билген адам.
”Көчмөн аба ырайынын катаалдыгына жана жаратылыштын ар кандай сыноолоруна туруштук бере алган күчтүү эрк менен мүнөздүн ээси”, — деди Валентина Шевченко.
Ал көчмөн маданияты адамдан кайраттуулукту, эрктүүлүктү, шамдагайлыкты жана күчтү талап кыларын белгиледи.
Шевченконун айтымында, бүгүнкү күндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып жаткан спортчулардан көчмөндөргө мүнөздүү бийик рух, күчтүү эрк жана кайраттуулук даана көрүнүп турат.
”Мындай масштабдуу спорттук иш-чаралар байыркы каада-салттарды даңазалоо менен бирге заманбап спортчуларга да чоң дем жана шык берет”, — деди ал.
Эскертке кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген. Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.