Узундугу 120 чакырымды түзгөн Нарын – Баетов жолу жаңыланууда

Аймак 28 Апрель 2026 12:50
680602229_1278448207797256_167007279380923289_n.jpg
682003087_1278448204463923_2166848296428985884_n.jpg
682490773_1278448301130580_1810310225869168308_n.jpg
682732558_1278448254463918_5334554341862094940_n.jpg
684128621_1278448251130585_9174554181429973613_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Нарын – Баетов унаа жолунун бир нече чакырымдарында курулуш иштери активдүү жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө 8-13-чакырымга чейинки аралыгында асфальттын экинчи катмары төшөлүп жатат.

Ошондой эле 84-115-чакырымга чейинки тилкенин 11,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары басылып, калган тилкеде жер иштери жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу процесси жүрүүдө. Ал эми 99-102-чакырым аралыктын оң тарабына асфальттын биринчи катмары басылууда.

Мындан тышкары, 115-120-чакырым аралыгына асфальт-бетондун төмөнкү катмарын төшөө жумуштары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Нарын – Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакрымды түзөт. Унаа жолунун курулушуна керектүү бардык ресурстар толук камсыздалган.