Узун кезек, иштин жетишсиз уюштурулушу: Онкология борборунун жетекчилиги сынга кабылды

Министрлер кабинети 14 Май 2026 17:05
6a058d81484e4 (1).jpeg
6a058d79564db (1).jpeg
Алдыга
Артка
6a058d81484e4 (1).jpeg
6a058d79564db (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бейтаптардан түшкөн арыздардын негизинде Улуттук онкология жана гематология борборунун поликлиникасына күтүүсүз текшерди.

Адылбек Касымалиев жарандардын узун кезектер, иштин жетишсиз уюштурулушу жана бейтаптардын болуу шарттарына байланыштуу арыздарына өзгөчө көңүл бурду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө медициналык тейлөөнү уюштуруу жана ички иштерди координациялоо боюнча бир катар кемчиликтер аныкталды.

Министрлер кабинетинин башчысы мекеменин ишин талаптагыдай уюштурбагандыгы үчүн жооптуу жетекчилерди сынга алып, онкологиялык оорулары бар бейтаптар мындай дарылануу шарттарына туш болбошу керектигин баса белгиледи.