Үйүңүздө жылуулук кандай? Нарындын мэри даттануулар боюнча рейд жүргүздү

Аймак Загрузка... 15 Январь 2026 10:29
copyright icon Нарын шаарынын мэриясы

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу айрым көп кабаттуу үйлөргө жылуулуктун берилишинен кабар алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэр шаардык жылуулук берүү ишканасынын жетекчиси Мирлан Аманбаев менен бирге жылуулук жакшы болбой жатканын айтып, кайрылган айрым жарандардын үйүндө болуп, жылуулуктун берилишин текшерди.

Жыйынтыгында жылуулук мекемесинин башчысына отканаларды оңдоо, температураны жогорулатуу, кызматкерлердин ишин көзөмөлдөө жана жарандардын арыздарын ыкчам чечүү тапшырылды.