Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов иш сапары менен Нарын облусуна барды.
Ведомстводон маалымдашкандай, министр облустагы ооруканаларды кыдырып, жергиликтүү медицинанын көйгөйлөрү жана жетишкендиктери менен таанышты.
Белгиленгендей, Ат-Башы районуна барганда аталган райондо дарыгерлердин жетишсиздиги курч бойдон экендиги белгиленди. Учурда ооруканада иштеген 42 дарыгердин жарымы пенсия курагындагылар. Ошол эле учурда 24 орун бош турат.
Министрдин айтымында, Ат-Башыда жаш адистерди кармап калуу үчүн жакшы шарттар түзүлө баштады. 2025-жылы келген 7 жаш дарыгерге 19 бөлмөлүү жатакана жана кызматтык батирлер берилген.
"Эгер турак жай берилсе, дарыгерлер аймакка келип иштейт экен", — деди Дамир Осмонов.
Ал эми Нарын облустук ооруканаларында жүрөк ооруларын дарылоо үчүн заманбап ангиограф аппаратын орнотуу жана атайын лаборатория ачуу иштеринүн жүрүшү менен таанышты. Бул Нарындын тургундарына жүрөкө операция жасоо үчүн Бишкекке каттабай, жеринде дарыланууга шарт түзөт.
Ошондой эле Кочкор районунда оорукананын жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө. Министр курулуштун сапатын өзү текшерип чыкты.
Министр дарыгерлер менен жолугушканда 1-апрелден тарта айлык көбөйө турганын айтты.
"Биздин милдет — дарыгерлерге шарт түзүү. Ошондуктан үстүбүздөгү жылдын апрель айынан баштап медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат. Бул аймактарга жаш адистерди тартууга чоң түрткү болот", — деди Дамир Осмонов.