УТРКнын автопаркы 15 даана жаңы унаа менен толукталды

Коом 8 октябрь 2025 15:00
557639729_1269542018547175_7585882488991741213_n.jpg
557991274_1269542568547120_8813469115665189466_n.jpg
558930732_1269542308547146_4386310012572297782_n.jpg
558114453_1269542265213817_8241949801289232057_n.jpg
560045025_1269541861880524_7661814691580936223_n.jpg
557945436_1269542511880459_534912615583525107_n (1).jpg
558072094_1269542491880461_172573809775124042_n.jpg
559235890_1269542441880466_3440990783587561929_n (1).jpg
558646247_1269542188547158_5354231755174624437_n.jpg
558188652_1269542135213830_5893947808115882537_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УТРК

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын автопаркы атамекендик өндүрүштөн чыккан 15 даана “Шевроле Трекер” үлгүсүндөгү жаңы унаа менен толукталды.

Корпорациянын маалыматына ылайык, автоунаалардын ачкычтарын тапшыруу аземине президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков катышып, бул жаңылануу УТРКнын ишмердүүлүгүндө маанилүү кадам экенин белгиледи.

15 автоунаанын ичинен 7 даанасы УТРКнын облустук каналдарына, ал эми 8 даанасы борбордук каналдарга бөлүндү.

Белгиленгендей, УТРКнын автопаркы акыркы жолу 10 жыл мурун, тагыраагы 2013-жылы колдонулган (2003–2004-жылы чыккан) автоунаалар менен толукталган. Убакыттын өтүшү менен алар эскирип, оңдоп-түзөөгө көп каражат талап кылып келген.

"Бул унаалар тышкы жардамсыз, УТРКнын ички резервдерин туура жана сарамжалдуу пайдалануунун негизинде, мекеменин өз каражатына сатып алынды",-деп айтылат маалыматта.