Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Ушул тапта өлкө аймагында 2 миңге жакын бийик тоолуу көл бар, анын 368и кооптуу жырылып кетүү коркунучунда. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев билдирди.
Анын айтымында, бийик тоолуу көлдөр аба ырайынын шарттарына жараша жоголуп же кайра пайда болуп турат. Аймактар боюнча караганда, кооптуу көлдөр Чүй облусунда - 73, Ысык-Көл облусунда - 168, ал эми калган бөлүгү Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан.
“Көлдөрдүн жырылышы июнь айынын аягынан августтун аягына чейин болот. Себеби, бул мезгилде мөңгүлөр , карлар ээрип, чакан көлдөр пайда болуп алар толуп, жырылып кетүү коркунучу жаралат. Мындан улам министрлик апрель айынан тарта эле көлдөргө көзөмөл жүргүзө баштайт. Биринчи кезекте үзгүлтүксүз космосүрөттүн жардамында көлдүн чоңоюшун же кичирейип кетешин текшерип турат. Экинчи ыкма бул тик учактардын жардамында. Тик учак менен биз көлдүн үстүнөн карап, изилдеп, кырсыктын алдын алабыз”,-деди ал.
Сакыев белгилегендей, көлдөрдүн жырылып кетүү кырсыгын алдын алуу максатында жыл сайын ӨКМдин алдында атайын жумушчу топ түзүлүп, тескеме чыгарылат.
“Быйыл дагы бул жумушчу топ түзүлгөн. Ушул тапта биз 67 бийик тоолуу көлдү изилдөөнү мерчемдеп жатабыз. Жакынкы күндөрү биздин жумушчу топ көлдөрдү жеринде изилдегени турат. Ал үчүн бардык зарыл болгон шаймандарды камсыздадык. Шаймандардын жардамы менен көлдүн тереңдигин жана көлөмүн аныктайбыз. Атайын базометриялык карта түзөбүз. Платинасынын деңгээлин аныктайбыз, жалпылап айтканда илимий деңгээлде изилдөө жүргүзөбүз. Изилдөөнүн жыйынтыгында атайын отчеттор, сунуштар түзүлөт”,-деп белгиледи Сакыев.
Муну менен катар, ал бийик тоолуу кооптуу делген көлдөрдүн учурдагы абалы туруктуу экенин кошумчалады.
"Июнь айынын ортосунан тарта көлдөрдү спутник сүрөттөрү аркылуу изилдей баштадык. Такыр-Төрдөн башка көлдөрдүн абалы азырынча туруктуу, климаттык нормада турат. Эгер кандайдыр бир коркунуч жаралса, элге алдын ала маалымат берилет. Биздин техникалык база даяр, жана кырдаалга жараша жеринде ыкчам алдын алуу иштери жүргүзүлөт," – деп жыйынтыктады Сакыев.