Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) бардык кызматкерлери 30-сентябрга чейин жумуштан бошотулат. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.
Маалыматка караганда, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 1-июлга чейин USAID`дин айрым функциялары Мамлекеттик департаментке өткөрүлүп берилерин билдирген.
Эске салсак, буга чейин февраль айынын башында Американын президенти Дональд Трамп эл аралык уюмдарды каржылоого ири суммадагы каражат бөлгөн USAID`дин ишмердүүлүгүн токтоткон.
Кийинчерээк Американын администрациясы мамлекеттик бюджеттин 60 миллиард долларга жакынын үнөмдөөгө мүмкүндүк берүүчү тышкы жардам көрсөтүү боюнча агенттиктин жана Мамлекеттик департаменттин келишимдеринин 92% жокко чыгаруу ниетин билдирген.
Ал эми 10-мартта USAID`дин убактылуу жетекчиси болуп дайындалган Рубио алты жумалык текшерүүдөн кийин АКШ өкмөтү агенттиктин 83% программасын расмий түрдө токтотконун жарыялаган.
Анын айтымында, жокко чыгарылган 5,2 миң келишимдин алкагында ондогон миллиард долларлар АКШнын кызыкчылыгына эмес, айрым учурларда алардын зыянына жумшалган.