АКШ мамкатчысы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады — Кабар

АКШ мамкатчысы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Коом 31 август 2026 11:55
df4bfc24-b5c8-44ea-a2e1-ab748e58a57f.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Америка Кошмо Штаттарынын атынан Кыргызстандын элин Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы менен куттуктады.

"АКШ менен Кыргызстан соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, регионалдык өз ара байланыштарды өнүктүрүүгө жана коопсуздукту чыңдоого өзгөчө көңүл буруу менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары да бекемдеп жатышат", - деп айтылат АКШнын мамлекеттик катчысынын куттуктоосунда.

Анын белгилешинче, АКШ "Борбор Азия + АКШ" (C5+1) платформасынын алкагында Кыргызстан менен аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү жана экономика, энергетика жана коопсуздук тармактарындагы жалпы максаттарга жетишүү үчүн биргелешип иш алып барууда.

Марко Рубио Кыргызстан маанилүү тарыхый датаны белгилеп жаткан учурда АКШ эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө умтуларын белгиледи.

"Биз өз ара байланыштары бекем, коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн Борбор Азияны курууга көмөк көрсөтүүгө умтулабыз", - деди мамкатчы.