Унааңызды коргоңуз. “КАСКО-Extra” камсыздандыруусу ишке кирди

Коом Загрузка... 19 Февраль 2026 12:15
WhatsApp Image 2026-02-19 at 10.56.30.jpeg

Бишкек, 19.02.26 /Кабар/. Унаа ээлери үчүн жаңы ыктыярдуу камсыздандыруу продуктусу “КАСКО-Extra” ишке киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул милдеттүү транспортту камсыздандыруунун (ОСАГО) мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, унаа ээсине кошумча коргоону пайда кылат.

ОСАГО айдоочунун үчүнчү жактардын алдындагы жарандык жоопкерчилигин коргойт. Бирок жол кырсыгы айдоочунун күнөөсү менен болсо, анын өз унаасына келтирилген зыян көп учурда камсыздандыруу менен жабылбай калат. Дал ушул муктаждыкты эске алуу менен “КАСКО-Extra” иштелип чыкты. Эми бул камсыздандыруучунун өз унаасына келтирилген зыянды жабат.

  • башка жол кыймылынын катышуучуларынын алдындагы жоопкерчилик - ОСАГО аркылуу;
  • өз автоунаасын коргоо – “КАСКО-Extra” аркылуу.

“КАСКО-Extra” продуктусунун негизги артыкчылыктары:

  • Жарактуу ОСАГО полиси бар жеке жактар үчүн жеткиликтүү;
  • Автоунааны кошумча кароодон өткөрбөстөн таризделет;
  • Полистин баасы ОСАГОнун баасына тең (калган мөөнөттү эске алуу менен эсептелет);
  • Эсептөөдө ошол эле коэффициенттер, анын ичинде бонус-малус системасы колдонулат;
  • Эки полис боюнча бирдиктүү тейлөө жана ыкчам төлөм жүргүзүү;
  • Франшиза каралган эмес.

Камсыздандыруу суммасы жалпысынан 450 миң сомго чейин болот, бир камсыздандыруу окуясы боюнча 150 миң сомго чейин белгиленет.

“КАСКО-Extra” төмөнкү учурларда колдонулат:

  • Айдоочу күнөөлүү деп табылган жол кырсыгында (кагылышууда) унаа жабыркаса;
  • Ошол кырсыктын натыйжасында чыккан өрт же жарылуу болсо.

Бул продукт классикалык КАСКОнун ордун баспайт, тескерисинче, камсыздандырууну жеткиликтүүрөөк кылат. Анткени ал ОСАГО камтыган камсыздандыруу окуяларынын чегинде гана ишке кирет.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан белгилешкендей,КАСКО-Extra” продуктусун ишке киргизүү чечими кардарлардан түшкөн көптөгөн кайрылуулардын негизинде кабыл алынды. Кардарлар жеткиликтүү баада, өз унаасын да кошумча коргоо мүмкүнчүлүгүнө муктаж экенин билдиришкен.

“КАСКО-Extra” келишими ОСАГОнун колдонуу мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө түзүлөт жана ОСАГО токтотулган же мөөнөтү аяктаган учурда автоматтык түрдө күчүн жоготот.