Тойчу Куулунтай уулу (Актанов) кыргыз илимпоз-агартуучуларынын алгачкы өкүлдөрүнүн бири. Ал 1910-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кашка – Суу айылында туулган. Башталгыч мектепте окуган соң, Пишпектеги орус мектебин бүтүргөн. 1927-1930 жылдары Ташкенттеги педагогикалык окуу жайда билим алып, 1938-1941 жылдары Пишпектеги педтехникумда окутуучу болуп эмгектенген. Ошондой эле илимий иштерди жүргүзүп, “Кыргызстан” басмасынын редактору кызматын аркалаган. Тойчу Актановдун басып өткөн жолу тууралуу "Кабар" агенттигине илимпоздун небереси, журналист Эрмек Актанов айтып берди.
Тойчу Актанов кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоң салым кошкон инсандардын катарын толуктайт. Ал кыргыз тилин кыргыздардын өздөрүнө гана эмес, башка улуттарга да окутуу үчүн бир катар окуу китептерди, окуу куралдарды, окуу программаларын түзүү жана жазуу иштерине активдүү катышкан алгачкы илимпоз, агартуучу-методист. Анын тил илимине кошкон салымы, сиңирген эмгеги зор. Тойчу Актанов Улуу Ата Мекендик согушка чейин орус жана кыргыз мектептери үчүн кыргыз тили боюнча программа жана “Кыргыз тили” окуу китептерин түзүүдө бир топ алгылыктуу иштерди жасаган. Башталгыч класстын окуучулары үчүн Тойчу Актанов, К Каримов, А. Кошоев биргеликте түзгөн “Алиппе” 1937-жылы жарык көрүп, 1940- жылга чейин окутулуп келген. Жаңы алфавитке өткөнгө байланыштуу Н. Абрамов менен чогуу кайрадан орус алфавитинин негизинде “Алиппе” китебин түзгөн. Аталган окуу китеби 1953-жылга чейин пайдаланылып келген.
1940-жылы Актанов биринчи жолу педагогикалык окуу жайлар үчүн “Кыргыз тилинин синтаксисин” жазган. Китептеги материалдардын илимий деңгээли терендетилип, бир катар жаңы темалар, эрежелер менен толукталган.

Мындан тышкары, Тойчу Актановдун орус мектебинде билим алып, орус тилин терең өздөштүрүшү кийин эмгек жолунда чоң ийгиликтерге жетишине көмөк берген. Өз мезгилинин билимдүү инсандарынын бири катары окуу программалардын түзүүгө жетишкен. 1937-жылы башталгыч мектептер үчүн кыргыз тилинин программасын даярдаган. 1938-жылы кайрадан бир катар толуктоолорду жана оңдоолорду киргизген. Ал эми ушул эле жылы “Башталгыч толук эмес орто жана орус мектептери үчүн кыргыз тилинин программасын” түзгөн. Бул программанын негизинде 1939-жылы орус мектептеринин 5- 6-7 класстарына арналган окуу китептери басылып чыккан. И. Батманов менен бирдикте орус класстарга кыргыз тилинин башталгыч окуу китептерин ( 1936, 1938-ж.) түзгөн. Бул китептери 1950-жылдарга чейин алгылыктуу колдонулуп келген. Тойчу Актанов тарабынан кыргыз жана орус мектептери үчүн даярдалган китептеринин бүгүнкү күндө да мааниси чоң экендигин танууга болбойт. Ошондуктан бул окуу китептерин кайрадан басып чыгарып, колдонууга болот.

Тойчу Актанов эмгек жолунда 12ден ашык кыргыз тилине арналган монографияларды жазган. Ал өз учурундагы мыкты, билимдүү, интеллектуалдуу, кыргыз-орус тилдеринин табигый лингвистикалык өзгөчөлүктөрүн түшүнгөн жаш илимпоздордун катарында болгон.
Тойчу Актанов Улуу Ата Мекендик согушка катышып, 1942-жылы февраль айында кан майданда 32 жашында каза тапкан. Анын 1 уулу, эки кызы бар.
Тойчу Актановдун негизги илимий эмгектери:
- Т. Актанов. К Бакеев. Кыргыз тилинин синтаксисинин конспектиси. Кыргызмамбас. 1937.
- Т.Актанов. Кыргыз тилинин окуу китеби. Кыргызмамбас. 1938.
- Т.Актанов. И.Батманов. Кыргыз тилинин окуу китеби (Мамлекетик мекемелердин орус группалары үчүн) Казань 1938.
- Т.Актанов. Кыргыз тилинин окуу китеби, 1-бөлүк. Кыргызмамбас., 1939. Экинчи басылышы 1941. 3-басылышы, Кыргызмамбас., 1940.
- Т. Актанов Грамматика 2-бөлүк – Синтаксис 1940.
- Т. Актанов. Н.Макешов. К.Бакеев Кыргыз тилинин грамматикасы: 2-бөлүк. Синтаксис. Алтынчы басылышы, Кыргызмабас., 1947.