Бишкек, 30.09.25 /Кабар/. 2024-жылдын мартынан 2025-жылдын мартына чейинки мезгилде Улуу Британиянын түрмөлөрүнөн 262 адам катачылык менен эркиндикке чыккан. Бул тууралуу The Sun гезитине таянып Коммерсант жазды.
Маалыматта белгиленгендей, айрым адамдар өкмөт башчысы Кир Стармер баштаган түрмөлөрдүн ашыкча толушуна каршы мөөнөтүнөн мурда чыгаруу программасынын алкагында чыгышкан. Ал эми бул жазасын кеминде 40% өтөгөндөргө гана тиешелүү болчу. Бирок кээ бир адамдар программага кирбеген беренелер боюнча да мөөнөтүнөн мурда чыгып кетишкен.
Улуу Британиянын Юстиция министрлиги бул жаңылыш бошотууларды иликтөө үчүн атайын топ түзөрүн билдирди.