Улуу Британияга кайык менен 125 мыйзамсыз мигрант келди

Дүйнө Загрузка... 29 Сентябрь 2025 09:00
24d15447-aa33-424a-986f-d3bbe6430eb5.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.09.2025 /Кабар/. Улуу Британияга Ла-Манш аркылуу бир кайык менен 125 мыйзамсыз мигрант келди. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, бул эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Бул окуядан кийин өлкөнүн ички иштер министри Шабана Махмуд иммиграция тартибин калыбына келтирүү үчүн бардык чараларды карай турганын айтты.

Британ бийлигинин маалыматында, мыйзамсыз мигранттар көбүнчө өлкөгө кирип, качкын макамын алуу аркылуу социалдык жардам жана жөлөк пулга жетүүнү көздөшөт. 2024-жылы Ла-Манш аркылуу 36,8 миңден ашык, ал эми 2022-жылы 45,7 миңден ашуун адам келген.

Ошондой эле өкмөт күн сайын миңдеген башпаанек издеген адамдарды мейманканаларга жайгаштырууга миллиондогон фунт стерлингдерди жумшап жатканы белгиленет.