Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. HBO телеканалы Гарри Поттер тууралуу жаңы сериалды тартууга расмий түрдө киришти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Warner Bros. Discovery компаниясынын маалыматына таянуу менен кабарлады.
Маалыматка караганда, сериалды тартуу иштери Улуу Британиянын Ливсден шаарындагы Warner Bros студиясында башталган. HBO “Гарри Поттер” сериалында башкы каармандарды аткара турган актерлордун ысымын жарыялады. Ага ылайык, Гарри Поттердин ролун Доминик Маклофлин, Гермиона Грейнджерди Арабелла Стэнтон, Рон Уизлинин ролун Аластэр Стоут аткарышат.
HBO сериалды өзүнүн оригиналдуу долбоору катары сунуштамакчы. Тартуу иштери кызуу жүрүп, долбоордун бет ачары 2027-жылга пландалууда.
Белгилүү болгондой, бул сериал J.K. Rowling жазган жети китептин ар бирине арналган өзүнчө сезон менен көрсөтүлүп, сюжеттерди тереңирээк чагылдырууну көздөйт. Апрель айында HBO чоңдор үчүн негизги курамдагы актерлорду да тастыктаган болчу.
Жаңы сериал Гарри Поттердин күйөрмандары үчүн чоң кызыгуу жаратып, фантастикалык дүйнөгө кайра кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берет.