Бишкек, 11.11.25 /Кабар/. Улуу Британиядагы акыркы аскердик тик учак чыгаруучу завод жабылуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.
Маалыматка караганда, Англиянын түштүк-батышындагы Йовил шаарында жайгашкан заводго ээлик кылган италиялык аскердик-өнөр жай компаниясы Leonardo’нун башкы директору Роберто Чинголани заводдун келечеги тууралуу коңгуроо каккан.
"Биз Йовилди түбөлүккө субсидиялай албайбыз. Акыркы 14 жылдан бери Улуу Британиянын өкмөтүнөн эч кандай жаңы келишим алган жокпуз", — деп билдирген ал.
Бул билдирүү коргонуу тармагындагы өкмөттүк келишимдердин жетишсиздигине байланыштуу нааразычылыктардын фонунда айтылган.
Заводдо болжол менен 3 миң 300 адам иштейт, анын жабылышы шаардын жана жалпы аймактын экономикасына олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Мындан тышкары, башка компанияларда иштеген миңдеген кызматкерлерге да терс таасир тийгизиши мүмкүн.
Заводдун тагдыры Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин Puma үлгүсүндөгү транспорттук тик учактардын ордуна жаңы үлгүлөрдү сатып алуу боюнча 1 миллиард фунт стерлингге бааланган келишимге байланыштуу болору айтылууда. Эгер бул келишимден баш тартылса, заводду жабуу чечими кабыл алынышы мүмкүн.