Бишкек, 21.11.25 /Кабар/. Улуу Британия мыйзамдуу мигранттар үчүн туруктуу жашоого уруксат алуу шарттарын катаалдатууну көздөп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Шабана Махмуд билдиргенин Казинформ агенттиги жазды.
Министрдин айтымында, эми туруктуу жашоого арыз берүү мөөнөтү эки эсеге — 10 жылга чейин узартылат.
"Акыркы жылдары миграциянын деңгээли мурда болуп көрбөгөндөй жогорулап, 2026–2030-жылдар аралыгында 1,6 миллион адам туруктуу жашоого арыз берүүгө укуктуу болот деп күтүлүүдө. 2028-жылы бул көрсөткүч 450 миңге чейин жетет — бул соңку жылдардагы орточо деңгээлден төрт эсе көп. Бул абал өзгөрүшү керек", — деген министр.
Ошондой эле Махмуд туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн жаңы талаптар киргизилерин кошумчалаган. Арыз ээлери соттуулугу жок, англис тилин мыкты билген, туруктуу түрдө Улуттук камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жана карызы жок болушу шарт.
Арыз ээсинин талаптарга канчалык деңгээлде жооп бергенине жараша, туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн каралган 10 жылдык мөөнөт кыскартылышы мүмкүн.
Мисалы, жогорку өлчөмдө салык төлөгөн жарандар үчүн күтүү мөөнөтү Global Talent визасы менен келгендер сыяктуу эле 3 жылга чейин азайышы ыктымал.
Ошондой эле, кайрымдуулук уюмдарында иштегендерге артыкчылык берилет. Тескерисинче, мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу терс фактор катары бааланып, мөөнөттү 20 жылга чейин узартып жибериши мүмкүн — бул документсиз иммигранттар үчүн колдонулган эрежеге окшош.
Мындан сырткары, буга чейин Улуу Британия качкындарга берилүүчү статус беш жыл эмес, болгону 30 айлык мөөнөткө чейин кыскартылары маалым болгон.