Улутун чексиз сүйгөн уулдун мурасы же улуттук анимациянын атасы Сагынбек Ишенов

Коом Загрузка... 05 Апрель 2026 23:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Данияр Исанов

Бардык материалдар

Сагынбек Ишенов үчүн искусство – бул чындыкты көчүрүү эмес, аны кайра жаратуу эле...

Сагынбек Ишеновдун чыгармачылыгы – улуттук көркөм ойдун эволюциясындагы маанилүү баскыч. Ал, салт менен заманбап турмушту каршылаштырбастан, тескерисинче, экөөнү табигый айкалышта көрсөтө алды. Ушул касиети менен ал кыргыз сүрөт өнөрүн жаңы мазмун менен байытып, анын дүйнөлүк искусство мейкиндигиндеги добушун күчөтүүгө аянбай чоң салым кошкон сүрөткерге айланды. Анын эмгектерин адамдар жөн гана көрүп тим болбостон, картина ичиндеги дүйнөнү сезип-туюу менен катар ошол акыбалды толук аңдайт. Сүрөттөрдү карап олтуруп өзүбүздүн ички кайрыгыбызды, улуттук өзөгүбүздү табабыз. Балким, чыныгы искусствонун миссиясы да дал ушундадыр, адамды өзүнүн өзөгүнө кайтарып барып, улуттук эс-тутумун ойготуп, адам жан дүйнөсүнө үңүлүүгө түрткү кылат.

Сагынбек Ишенов – мына дал ушундай сүрөтчү эле.

1934-жылдын 5-апрелинде Сары-Өзөн Чүйдүн Дөң-Арык айылында жарыкка келген уул асманга боюн созгон Бурананы айланчыктап өстү. Дал ошол үчүн ал көркөм дүйнөгө ыктап, тарыхка өзгөчө үңүлүп эр жетти. Кыргыз жергесинин кооздугу менен ата-бабадан калган ыйык мурастар, комуз күүлөрү, “Манас” баш болгон элдик дастандар болочоктогу сүрөтчүгө дем берди. Кыялына канат бүткөн Сагынбек кийин эр жеткенде кандай кесипке ээ болорун астейдил сезе билди. Колуна калем кармап, Бурананы тартуу анын ар күнкү түйшүктүү ишине айланды.

* * *

Анын чыгармаларына көз чаптырганда, эң оболу ички тынчсызданууну, ошол эле учурда терең сабырдуулукту байкайбыз. Бул, көчмөн цивилизациянын кылымдардан бери калыптанган философиясы. Сүрөтчүнүн чыгармачылыгында кыргыз жаратылышы өзүнчө бир метафорага айланган. Тоолор – туруктуулуктун символу, асман – эркиндиктин кеңдиги, ал эми адам образдары – ошол эки дүйнөнүн ортосундагы тагдырдын чагылдырылышы.

* * *

Сагынбек Ишенов кыргыз сүрөт өнөрүндө улуттук образды жаңычыл көз караш менен ачкан сүрөтчүлөрдөн. Ал, салттуу темаларды — тоо, талаа, көчмөн турмуш, адамдын табият менен байланышын – кадимки этнографиялык деңгээлде гана бербестен, философиялык тереңдикке көтөрдү. Ушул жагынан ал Гапар Айтиев жана Сабырбек Акылбеков баш болгон улуу муун салган жолду улап, бирок аны жаңы көркөм тил менен байыта алды. Экинчиден, анын чыгармачылыгы көркөм ой жүгүртүүнүн синтезин жаратты. Ал живопись менен гана чектелбей киноискусстводо да иштеп, образды мейкиндик аркылуу ойлоонун үлгүсүн көрсөттү. Мындай көп тармактуулук кыргыз искусствосунда сейрек кездешкен көрүнүшкө айланып, кийинки муундагы сүрөтчүлөргө багыт берди. Анан да Ишеновдун эмгектери аркылуу кыргыз искусствосу заманбап дүйнөлүк көркөм процесстерге жакындады. Ал форма, түс, композиция жагынан эксперимент кылуудан корккон эмес. Натыйжада, анын чыгармалары улуттук колоритин сактаганы менен универсалдуу көркөм тилге айланып, кеңири аудиторияга түшүнүктүү болду. Ал руханий мазмунду биринчи планга чыгарган сүрөтчү катары айырмаланат. Анын иштеринде сюжеттен да маанилүүсү – маанай, ички абал, символика. Сагынбек Ишенов – кыргыз көркөм өнөрүндө адамдын ички дүйнөсүнө терең үңүлүү багытын күчөткөн сүрөткер.

Кыргыз искусствосуна улуттук темаларды жаңыча чечмелөө, ар түрдүү искусство тармактарын айкалыштыруу, заманбап көркөм тилди киргизүү жана руханий-философиялык тереңдик берүү аркылуу олуттуу салым кошкон сүрөтчү — Сагынбек Ишенов. Анын чыгармачылыгы – бул бир доордун гана эмес, кыргыз көркөм аң-сезиминин өнүгүү жолундагы маанилүү көпүрө. Кыргыз көркөм маданиятындагы “кыргыз керемети” деп аталган феномен бул жөн гана жакшы тартылган фильмдердин жыйындысы эмес, улуттук дүйнө таанымдын экрандагы поэтикалык көрүнүшү. Ушул көрүнүштү жаратууда кинорежиссёрлор менен катар сүрөтчү-коюучулардын ролу абдан чоң. Алардын арасында Сагынбек Ишенов өзүнүн терең көркөм ой жүгүртүүсү менен айырмаланган инсан эле.

Улуттук кинобуздун “кыргыз керемети” аталышына кошо аралашып эле тим болбой, алардын сап башында турган инсандардын бири Сагынбек Ишенов “Бакайдын жайыты”, “Отко таазим”, “Бурма”, “Ак куулар конгон Айдың-Көл” жана “Ташка баткан элестер” аттуу көркөм тасмаларда сүрөтчү-коюучу катары эмгектенди. Бул аттары аталган фильмдердин бардыгы тең көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк таап, алар улуттук классикабызга айланды.

Ушул жерден сөзүбүз кургак болбосун десек, оболу кинонун сүрөтчү-коюучусу аткара турган милдеттерге учкай токтоло кетели. Сүрөтчү-коюучу фильмдин көрүнүш дүйнөсүн жараткан негизги чыгармачыл адам. Демек, Сагынбек Ишенов сыяктуу киносүрөтчүлөр кинону жөн гана кооздобостон, анын маанисин, атмосферасын, философиясын түзөт. Сүрөтчү режиссёр менен бирдикте фильм кандай көрүнөт, кандай түстө болот, кандай мейкиндикте өтөт мына дал ушуларды аныктап алат. Дегеним, фильм реалисттикпи же шарттуубу деп оболу өз ара кеңешет. Андан кийин сценарий боюнча үйлөрдү, көчөлөрдү, бөлмөлөрдү, интерьерлерди иштеп, кээде аларды толугу менен куруп чыгат. Булар жөн салды эле фон эмес, алар мейкиндикти, каармандын ички дүйнөсүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Сүрөтчү-коючу кадрдагы объекттерди жайгаштырып, форманы, тең салмакты карайт. Ар бир кадр сүрөт сыяктуу болушу кажет. Мыкты сүрөтчүсү бар фильм, көзгө көркөм жана мааниси терең картина болууга себепкер. Сүрөтчү фильмдин түс палитрасын тандап, жарык кандай болорун оператор менен чогуу чечет. Майда-барат көзгө урунган ар бир буюм-тайымдардан, айталы эшик, үстөл, идиш-аяк, кийим-кече жана башка буюмдарга чейин акыл калчап, өз фантазиясына жараша жайгаштырат. Ал эми фильм тарыхый теманы камтыса, анда ошол доордун дал өзүн таасын көрсөткөн буюмдар менен иштеп чыгат. Мына, сүрөтчү-коючунун милдети дал ушунда. Ал, режиссёрдун оюн түшүнүп, аны визуалдык формага айланткан чебер сүрөткер. Сүрөтчү-коючу декоратор же дизайнер гана эмес, ал фильмдин визуалдук автору.

* * *

Ишенов кинону жөн гана визуалдык кооздоо катары эмес, образдык философиянын мейкиндиги катары кабыл алган. Маселен, Москвадагы Бүткүл Союздук Кинематографисттер институтунун (ВГИК) киносүрөтчүлүк адистигине ээ болуп чыгып, “Кыргызфильмге” келгендеги эң алгачкы эмгеги кинорежиссёр Мелис Убукеевдин “Улуу эпос” даректүү тасмасы болду. Сагынбек ушул даректүү тасмада “Манас” эпосунун руханий масштабын берүү үчүн табият менен адамды бир бүтүндүк катары чечмелей билген. Кадрдагы мейкиндик жөн гана фон эмес, ал эпостун улуулугун көтөрүп турган символдук күчкө айланат. Бул тасмада Ишеновдун башкы жетишкендиги – эпикалык масштабды визуалдаштыруу болгон. “Манас” сыяктуу чексиз мейкиндикти, убакыттан жогору турган руханий мурасты экранга алып чыгуу, чындыгында оңой иш эмес. Ишенов табиятты – тоолорду, асманды, кең талааларды эпостун “каарманына” айланткан. Фильмдеги табият жөн гана фон эмес, ал идеяны алып жүрүүчү күч. Кеңири план аркылуу улуулук сезимин жаратуу менен сүрөтчү-коюучу жарык менен көлөкөнүн эпикалык контрасттарын туура пайдалана билген. Даректүү тасмада сүрөтчү кадрды жөн гана көргөзмө эмес, мифологиялык мейкиндик кылып курган. Тасмада пайдаланылган Сагынбек Ишеновдун Манастын образын ача билүүгө жумшаган аракетинин дагы бир өзгөчөлүгү, өзү кыйла жылдар бою түйшөлүп, анан Манасты эмне себептен башына туулга кийгизип эле сүрөтчүлөр тарта беришет, ал кыргыздын улуу жана ыйык нерсеси, эпос кыргыз элиники болсо Манастын башына ак калпак кийгизип, ал кыргыз экендигин айгинелеш керек деген аракети алкоого татыйт.

Андан кийин Сагынбек Ишенов Марианна Рошаль режиссёрлук кылган балдар үчүн тартылган “Космонавттар көчөсү” фильми болду. Көркөм тасмада сүрөтчү-коюучу катары катышкан эң алгачкы иши ушул тасма. Фильмде Ишенов жөн гана декорация жасаган адам эмес, кадрдын ички дүйнөсүн түзүп, башкача айтканда, фильмдин көрүнбөгөн авторунун бири катары эмгек өтөй алган. “Космонавттар көчөсүндө” сүрөтчү-коючу эң биринчи кезекте шаар мейкиндигин өзгөчө уюштура билген. Ишеновдун эң күчтүү өзгөчөлүгү, деталь менен иштей алгандыгында. Эшиктер, терезелер, тепкичтер, көчө белгилери ж.б. Бул элементтер жөн гана реквизит эмес, психологиялык абалдын көрсөткүчү. Ишеновдун таасири алтургай, топтоштуруу учурунда (монтаждоо) да айкын көрүнөт. “Космонавттар көчөсү” аркылуу биз башкы каармандын дүйнө менен болгон мамилесин терең аңдайбыз.

Андан соң Леонид Гуревич менен Бекеш Абдылдаевдин жазуучу Камбаралы Бобуловдун чыгармасы боюнча экрандаштырылган “Түштүк кызы” фильминде иштеди. Улам барган сайын өзүнүн адистигине каныгып, тажрыйба топтогон Сагынбек Ишенов Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайытында” иштеп, андагы улуттук нарктын экранда айкын чагылышына кыйла эмгек жумшады. “Бакайдын жайыты” фильминде Ишенов көчмөн дүйнөнүн тынчтыгын, даанышмандыкка толгон турмуштук жай агымды табият аркылуу ачкан. Жайыт – бул жөн гана географиялык түшүнүк эмес, ал Бакайдын ички дүйнөсүнүн метафорасы катарында чечмеленет. Бул фильмде темп жай, ой терең. Сүрөтчү-коючу Ишенов тынч мейкиндик аркылуу акылмандыкты берүү ыкмасын колдонгон.

Ал эми “Отко таазим” (“Уркуя”) тасмасында сүрөтчү драматизмди күчөтүү үчүн контрастка таянып, от – күрөштүн, тазалануунун символу, ал эми караңгы мейкиндик – трагедиянын үнсүз күбөсү. “Отко таазимде” драматизм күчтүү болгондуктан, түс жана символ аркылуу трагедия кеңири ачыкталат.

Режиссёр Жали Соданбектин “Бурма” фильминде Сагынбек Ишенов формалык эксперименттерге барып, композиция шарттуу мүнөзгө ээ болгон. “Бурма” – Ишеновдун модернисттик изденүүлөрүнүн бир көрүнүшү. Сагынбек Ишенов сценографиялык иштерде мейкиндик менен образдын ортосундагы байланышты өзгөчө тактык менен чечип, визуалдык ой жүгүртүүнүн жаңы деңгээлин көрсөткөн.

Режиссёр Юрий Борецкийдин “Ак куулар конгон Айдың-Көл” тасмасында сүрөтчү табият менен адамдын гармониясын лирикалык деңгээлде ачууга далалат жасаган. Көлдүн мейкиндиги, ак куулардын элеси – бул тазалыктын, сүйүүнүн, жоготуунун символу. Ишенов бул жерде кадрды – живопистик полотно сыяктуу курат: Көл – тазалыктын жана тагдырдын символу. Ал эми ак куулар – поэтикалык образ. Кадрлар болсо живопистик композицияга жакын. Аталган тасма аркылуу сүрөтчүнүн эң бир назик, эң бир сезимтал сапатын баамдайсың.

Жазуучу жана сценарист Эркин Борбиевдин калемине таандык Улуу Жеңиштин 30 жылдыгынын урматына арналган кинорежиссёр Үсөнжан Ибрагимовдун “Ташка баткан элестер” картинасында Сагынбек Ишенов ташты – эс-тутумдун символу катары көрөт. Кыймылсыз кадрлардын күчү, минимализм жана тынчтык – аталган фильмде көрүүчүнү ички ойго жетелейт. “Ташка баткан элестерде” убакыт менен эс-тутум темасы үстөмдүк кылып, сүрөтчү таш, суу, кыймылсыз жана агымдагы формаларды айкалыштыруу аркылуу адамдын өткөнү менен азыркысынын ортосундагы ички диалогду түзгөн. Жыйынтыгында, Сагынбек Ишенов бул фильмде жөн гана декорация түзүп тим болбостон, ал кадрдын ичиндеги философиялык мейкиндикти куруп, образдардын маанисин тереңдетүү менен режиссёрдук идеяны поэзияга айланткан. Сагынбек Ишенов аксакал менен кайсы бир жолу аңгемелешип жатып ал мага:

– “Ташка баткан элестер” көркөм тасмасында сүрөтчү-коючу катары иштедим. Бирок, режиссёр мен баса белгилеп көрсөткөн деталдарга маани бербеди. Фильм мыкты чыкса экен деп өзүмдөгү идеяларымды кошумчаласам, режиссёр “Сен эмне, режиссёр белең?” – дегендей жактыра бербеди. Өзү билсин дедим да, мойнума тагылган милдетимди так өтөй бердим. Мурдараак режисссёр Юрий Борецкий менен да дал ушундай ыңгайсыз кырдаалдар жаралып, ортодо пикир келишпестиктер орун алган. Мен “мындай кылалы, андай кылалы” деп кошумчаласам, ойлорумду укпай, кайра жактырбай өз ишиңди кыла берчи дегендей мамиле жасаган. Дал ошол үчүн алардын тасмалары биз мурда жараткан көркөм тасмалардын деңгээлине көтөрүлө албай калды. Өкүнүчтүү... Болбосо, Төлөмүш Океев менен да иштештим. Жали Соданбек менен да иштештим. Алар менин айткан оюмду уга билишчү. Идеяларымды колдошчу. Маселен, менин милдетим сүрөтчү-коючу болсо да “Бакайдын жайытында” боз үй ичиндеги урунган буюм-тайымдарга, алтургай өзүм ошол тасма тартылып атканда жөө кыдырып жүргөм. Дал ошондой күндөрдүн биринде бир топ чакырым алыста ээн талаада жерге бекем орногон балбал ташты фильмге кошууну, кайсыл жерден пайдалануу керек экендигин Төлөмүшкө айттым. Ал укту. Кадрга колдонду. Ал гана эмес “Отко таазимде” башкы ролго ким ылайык деп баш катырып атышканда мен кокусунан эле фильмде Таттыбүбү Турсунбаева гана Уркуянын образын ача алат дегем. Ары кетип, бери кетип атып, акыры жүздөгөн аялзатынын ичинен Таттыбүбү өзүн эң мыкты көрсөтүп, тандоодо утуп кетти. Ал эми Уркуяны элибиз азыр Таттыбүбүсүз эч элестете да албайт! – дегени эске түшөт.

Бул, жогоруда мен санап өткөн фильмдерде сүрөтчү-коючу катары Сагынбек Ишеновдун кыргыз маданиятына кошкон салымдарынын бир чети гана. Ошондуктан “кыргыз керемети” феноменин Океев, Шамшиев, Убукеев сыяктуу режиссёрлорсуз элестетүү мүмкүн болбогондой эле, Сагынбек Ишеновсуз да толук түшүнүү мүмкүн эмес. Ал кыргыз киносуна көркөм ой жүгүртүүнүн жаңы бийиктигин алып келген инсан катары тарыхта калды.

Сагынбек Ишеновдун киносүрөтчү катары ар бир фильмде өзүнчө көркөм дүйнө, өзүнчө улуу философия жаратты. Ал, ар бир тасмада бир эле ыкманы кайталаган эмес; тескерисинче, ар бир темага ылайык өзүнчө визуалдык тилди тапкан. Ал, кинонун ичиндеги көрүнбөгөн авторлордун бири болсо да, анын кол тамгасы, иштөө стили ар бир кадрдан эле даана сезилип турат. Демек, жыйынтыктап айтканда, Сагынбек Ишенов үчүн кино – жөн гана көрүнүш эмес, ой жүгүртүүнүн көркөм формасы болгон.

* * *

Ырас, Сагынбек Ишенов сыртынан караганда жупуну, ички дүйнөсүндө болсо бүтүндөй бир көркөм ааламды көтөрүп жүргөн адам эле. Ал, адамдарды уга билчү. Адамдар гана эмес, өткөн доордун добушун тыңшап, андагы кайгы-касыретти ичинен миң толгонуп жашап көрүп, аны өзүнүн өнөрүндө пайдаланган. Ошол үчүн ал жараткан образдар үнсүз болсо да, сүйлөп тургансыйт.

Ал эми инсан катары ал өз доорунун ызы-чуусунан бийик туруп, түбөлүктүү темаларга көңүл бурду. Саясат, мансап, байлык дебеди. Аны убактылуу атак-даңк эмес, оболу түн күзөтүп түйшөлдүргөн эмгек кызыктырды. Элим эсен болсун, мен жараткан картиналар, мен катышкан көркөм тасмалар, мультипликациялык кадрлар адамдарды ак ниет болууга чакырсын деп самады.

* * *

Ишеновдун мурастары – ийгиликтердин жыйындысы гана эмес, кыргыз көркөм аң-сезиминин өзгөрүүсүнө олуттуу таасирин тийгизди. Ишеновдун живопистеги негизги өзгөчөлүгү – реалдуулукту түз көчүрбөй, аны ички абалга айлантуу. Ал табиятты же адам образын сүрөттөгөндө сырткы көрүнүшкө эмес, алардын артындагы мааниге, маанайга, руханий абалга басым жасайт. Бул жагынан ал кыргыз сүрөт өнөрүндөгү салттуу реализмден бир кадам алдыга чыгып, аны символдук-поэтикалык деңгээлге көтөргөн сүрөтчүлөрдүн катарына кирет. Анын чыгармаларында табият өз алдынча “сүйлөгөн” система катары кабыл алынат. Тоо, талаа, суу, асман – бул жөн гана композициялык элементтер эмес, алар философиялык категорияларга айланат. 1960-жылдардын аяк ченинде орустун бир катар көрүнүктүү искусство таануучуларынын купулуна толуп, дал ошондон тарта Москвадагы Третьяков галереясынан орун алган “Кызыл өгүз жана жалгыз соко” картинасы – эмгек менен жалгыздыктын философиясын ачкан зор полотно. Кызыл өгүз – жөн гана жаныбар эмес, ал адам тагдырынын символу. Жалгыз соко болсо – талыкпаган эмгектин, бирок ошол эле учурда жалгыз күрөштүн белгиси. Мындагы өзгөчөлүк, кызыл түс – драматизм жана ички чыңалуу. Композициядагы жалгыздык – экзистенциалдык маанай жана минимализм аркылуу чоң идея бере билүү.

Көркөм сүрөт өнөрүндө дагы бир олуттуу эмгек – “Кожомкул”. Мында сүрөтчү Кожомкул Каба уулунун образы аркылуу күч менен рухтун биримдигин баса белгилеген. Бул жерде физикалык кубаттуулук гана эмес, ички туруктуулук да маанилүү. Сагынбек Ишенов Кожомкул балбанды жөн гана тарыхый фигура эмес, улуттук күчтүн архетиби катары ачкан.

Алыкул Осмонов – Сагынбек Ишеновдун өмүр жолундагы эң маанилүү тема. Адабиятты аздектеген сүрөтчү Алыкул Осмоновдун образын жаратууда назиктик менен трагедияны айкалыштырган. Портреттен улам сырткы окшоштукка караганда ички дүйнө алдыңкы орунга чыкканын байкай алабыз. Акындын көз карашы аркылуу ички драма ачылган. Негизи эле сүрөтчү талыкпаган мээнет менен жүрөгү токтоп калгыча колунан кисти түшпөдү. Көркөм сүрөттө анын жараткан эмгектерин бирден атап олтурсак, убакыт чак келбестир. Балким, ал жети жүздөн ашуун картина жараткандыр, а балким андан да ашып миңге чамалап баргандыр, ким билет!!?

* * *

“Үркүн” – Ишеновду ойго салган эң оор, эң трагедиялуу тема. “Үркүн” эмгеги аркылуу ал улут тагдырына түшкөн бүлгүндү көрүүчү сезе билиши үчүн болгон аракетин жумшады. “Үркүн” – Ишеновдогу тарыхый жаранын көркөм күбөсү!

Эми таң агаргандан кеч киргиче, ал гана эмес кокустан пайда боло калган идеясы тынчтык бербей эргүүнүн күчү менен түн күзөтүп иштей берген Ишеновдун галереясынан мындан башка да толгон-токой темаларды таап чыгасың. Ал көркөм полотнолордон өзү туулуп өскөн мекенге барып, ошол аймактагы комузчунун күүсүн тыңшап, эмгек талаасын, жайкалган Сары Өзөн Чүйдү, тоолорду, талааларды аралап, дыйкандарга, колхозчуларга, интеллигенция өкүлдөрүнө, илимпоздорго, киночуларга, акындарга кез келесиң. Тарыхый жайларды кыдырып, миңдеген жылдар илгерки мезгилдерге кайтып барасың. Кадимки балбан Кожомкулдан тартып киноактёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов, акын Жолон Мамытов, композитор Таштан Эрматов, театрдын жана кинонун артисти Тургун Бердалиев – мына ушулар Сагынбек Ишенов жараткан дүйнөлөр.

* * *

Кыргыз анимациясынын тарыхына үңүлгөндө, анын башатында Сагынбек Ишенов турат. Ал — “кыргыз мультипликациясынын атасы”!

Анткени, ал бул тармакка жөндөн жөн келип калган эмес. Улут тагдырын, эртеңки келечек муун тууралуу түйшөлгөн жазуучу Чыңгыз Айтматов 1970-жылдардын орто ченинде Сагынбек Ишеновду чакыртып алып:

– Кыргыз мультфильмин жараталы! Балдар эч нерсе окубай калышты. Жомок укпайт. Жок дегенде мультфильмдерибиз аркылуу бөбөктөрүбүздү туура жолго салалы. Элдик жомокторубуз бар, ошолорго кайрылалы! – деп атайы өтүнүп калат. Себеби, Айтматов – Сагынбек Ишеновдун буга чейин эле “Чалкан” журналына жарыялап жүргөн карикатураларына күбө болуп, ага ичинен жогору баа берип жүргөн.

Мына дал ошондон тарта сүрөт окуу жайынан шыктуу улан-кыздарды топтоп, атайы анимация жанрына тарбиялап, “Сандардын чатагы”, “Меке чал менен Кара Дөө”, “Олокон”, “Толубай сынчы” жана “Акын” аттуу Алыкул Осмонов тууралуу мультипликациядарды жаратты. Анын чыгармачыл тобу отуздан ашуун мультфильмдерди чыгарды. Аталган мультфильмдер менен биз да азыктанып, руханий дүйнөбүздү кошо байыттык. Сагынбек Ишеновдун анимациялары балдар үчүн жеңил-желпи көңүл ачуучу фильм эмес, алар улуттук маданиятты, тарбия-таалимди, элдик наркты жеткирген зор курал катары саналып, анда улуттук стиль, улуттук орнамент, улуттук дүйнө тааным алдыңкы планга чыккан. Ал мультфильмдерде жөнөкөй сюжеттин артында эле өтө терең маани-маңыз камтылган. Ынтымакка чакырган “Сандардын чатагы”, табиятты кастарлагыла деп чакырык салган “Олокон”, жеңил юмор менен бирдикте акылмандыкка шыктандырган “Меке чал менен Кара Дөө”, кыраакылыкка тарбиялай турчу “Толубай сынчы” картиналары бүтүндөй кыргыз жеткинчектерин адилеттикке, боорукерликке үндөп, коомго керектүү инсандарды тарбиялап чыгарды.

Уулдары Мурат, Турат, Рат жана кызы Айнуранын, неберелеринин кучагында 90 жашка толуп дөөлөттү карылыкта күн кечирген Сагынбек атабыз 2024-жылдын 27-июнь күнү акырет сапар аттанды...

Сөз соңунда улуттук менталитетти универсалдуу көркөм тилге айланткан улуу сүрөткердин элесине таазим этип жатып, кыргыз мультипликациясына форма гана эмес, жан берген инсан, кино дүйнөсүндө жана көркөм сүрөттө, деги эле ак калпак кыргызга алдында өтөгөн ак кызматын эске салып, эс-акылы бүтүн, коом тууралуу толгонгон ар бир пенде баласы үчүн алар баасы алтынга теңдешкис ыйык мурастардан экендигин баса белгилеп айткым келди.