Бишкек, 07.06.26. /Кабар/. Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Кыргыз-Түрк “Манас”университетинин биринчи ректору жана негиздөөчүсү Карыбек Молдобаевге арналган мемориалдык такта ачылды.
Такта Карыбек Молдобаев жашаган Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсү, 98 дарегиндеги үйгө орнотулду.
Молдобаев Кыргызстанды жана ошол кездеги Фрунзе шаарын өнүктүрүүгө зор салым кошуп, 1973–1985-жылдары Фрунзе шаардык партия комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.
Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук комитетинде идеология боюнча катчы жана ошондой эле СССР Министрлер советинин дин иштери боюнча кеңешинде жооптуу кызматтарды аркалаган.
1995-жылы жаңы ачылган Кыргыз-Түрк “Манас”университетине ректор болуп дайындалган. Ал бул кызматта 12 жыл иштеп, университеттин калыптанышына жана өнүгүшүнө, билим берүү кадрларын даярдоого жана тарбиялоого чоң салым кошкон.
Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов кезегинде “Карыбек Молдобаев – коомчулук тарабынан муундан-муунга таанылган, улут үчүн өзгөчө мааниге ээ белгилүү инсан катары советтик жана постсоветтик мезгилдерде олуттуу жана терең баалоого татыктуу”, -деп айтканын иш-чарада замандаштары эскеришти.
Карыбек Молдобаев эл үчүн кылган кызматы, эмгеги үчүн Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белги ордендери жана СССРдин башка мамлекеттик сыйлыктары, ошондой эле III даражадагы “Манас”ордени менен сыйланган.
Ага “Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги”, “Бишкек шаарынын ардактуу жараны”, “Нарын облусунун ардактуу жараны” деген наамдар ыйгарылган. Ошондой эле “Түрк дүйнөсүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн” сыйлыкка татыктуу болгон.