Президент Садыр Жапаров “Учкун” акционердик коомунун жасап жаткан иши менен таанышууга барып Ата мекендик ишканада кыргыз сомун чыгаруунун башталышы тууралуу маалымат алды. Президентке Кыргызстанда басылып чыккан улуттук валютанын биринчи үлгүсү тапшырылды.
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев белгилегендей, биринчи этапта майда номиналдагы банкноттор басып чыгарылат, бул жүгүртүүдөн чыгарылууга тийиш болгон эскилиги жеткен банкнотторду тез арада алмаштырууга мүмкүндүк берет.

Ал “Учкунда” басылып жаткан кыргыз сомдору улуттук валютанын ишенимдүүлүгүнүн жогорку деңгээлин камсыз кылуу менен жасалма акча жасоодон коргоонун эң алдыңкы эл аралык стандарттарына жооп берерин баса белгиледи.
Улуттук валютадан сырткары “Учкун” басмаканасы былтыртан тарта жалпы жарандык паспортторду басып чыгара баштаганын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, дагы эки мамлекеттин паспортторун даярдоого заказ алдык. Мурда акча төлөп, паспортторду башка мамлекеттерден алып келсек, азыр башка мамлекеттер бизге буйрутма менен кайрылышат.

Буга чейин, тактап айтсак 2023-жылы Садыр Жапаров "Учкун" басмаканасы бардык заманбап жабдыктар менен жабдылгандыгын айтып, Кыргызстан жакынкы келечекте паспорт менен сомду өзү басып чыгара баштайт деген.
"Мындан ары бир дагы мамлекеттик кагаз жеке компаниялардан чыкпашы керек. Бир гана "Учкундан" басылып чыгат. Биз өзүбүз 100 пайыз жетишебиз. Кудай буюрса, келечекте акчаны, паспортторду да өзүбүз басып чыгаргандай болобуз. Ал эми май айынан баштап паспортторду өзүбүз чыгарганга жетишебиз. Буга чейин паспорттордун бланктарын, техникалык паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү жеке компаниялар басып чыгарчу. Бул үчүн мамлекеттен 15 млрд сом бөлүнгөн болсо, кайра ал мамлекетке салык же киреше түрүндө келген эмес. Эми мамлекеттин каражатына "Учкундан" гана басып чыгарабыз, биздин эсеп менен алганда мамлекетке 3 млрд сомдон кем эмес салык түрүндө түшүп турат", - деген президент.

Ошондо Садыр Жапаровдун демилгесине караманча каршы чыккандар көп болгон. Алар, биз өзүбүз чыгара албайбыз, бизден чыкса сапаты начар болот, жасалма паспорттор көбөйүп кетет, паспорттор кымбатка түшөт дешкен.
“Мен шашпай изилдеп көрдүм. Эч кандай кыйынчылыгы жок эле чыгарсак болоруна көзүм жетти. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, биздин паспортторубуз эле эмес, башка документтерибиздин баары эле буга чейин башка өлкөлөрдөн жасалып келип турган. Жалпы жарандык паспортубуз бир өлкөдөн, ID картыбыз экинчи өлкөдөн, айдоочулук күбөлүгүбүз үчүнчү өлкөдөн, башка документтерибиз төртүнчү өлкөлөрдөн дегендей. Ушунун баарын көрүп-билгенден кийин эки жыл мурун дароо тапшырма бердим, кандай гана документтер болбосун, өзүбүздүн өлкөбүздөн чыксын деп”, - деген президент эч кимдин сөзүнө кирген эмес.

Мына эми, Садыр Жапаровдун дагы бир өлкө үчүн маанилү убадасы аткарылып турат. Эсперттер бул кадамды мамлекет үчүн тарыхый жана маанилүү окуя, эгемендүүлүктүн дагы бир элементи деп санашты.
“Чынында эле, бул эгемендүүлүктүн кошумча элементи, кичинекей мамлекет үчүн бул тарыхый жана маанилүү окуя. Экономикалык жактан караганда, улуттук валюта үйдө басып чыгарылганы кыйла каражатты үнөмдөйт. Себеби, Европада энергоресурстар, жумушчу күчү алда канча кымбат. Буга кошумча салык жүгү да жогору. Буга окшогон факторлор сом басып чыгарууга олуттуу таасир этип сомдун өз наркын кыйла жогору кылчу”,- дейт экономика боюнча эксперт Сергей Пономарев.

Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти Нурбек Элебаев Кыргызстан өзүн акча каражаттары, жана башка басыла турган документтер менен камсыз кылуу максатындагы жасап жаткан кадамдары өтө маанилүү экенин баса белгиледи.
“Технологиялык жактан 21-кылымда жасалма акчадан жогорку деңгээлдеги корголгон банкнотторду чыгаруу процесси өтө татаал жана кымбат. Бул жогорку технологиялык жабдууларга, пахтадан жасалган атайын кагазга жана боёкторго тиешелүү. Ал эми Кыргызстандын өзүнүн банкнот өндүрүп, өзүн акча каражаттары менен камсыз кылуу максатындагы жасап жаткан кадамдары өтө маанилүү. Бул багытта бийлик саясий кайраттуулукту көрсөтүп, «Учкун» ишканасында бардык номиналдагы улуттук валютаны чыгарууну уюштуруу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүдө. Келечекте бул продукция өзүнүн турган наркынан ашпай, мамлекетке зор үнөм алып келери шексиз. Биз буга доллар же евролорду коротпойбуз”,- дейт Нурбек Элебаев.

Ошондой эле, эксперттин айтымында коңшу Казакстан менен Өзбекстан 90-жылдары эле бул маселени чечишип, улуттук валюталарын өздөрү басып чыгарып келишет.
“Негизинен, бул өлкөнүн финансылык-экономикалык коопсуздугуна тиешелүү маселе. Ата мекендик өндүрүштө паспорт чыгаруу маселеси чечилгенде кандай каршылык болгонун эстейли. Аларды өзүбүз басып чыгара албайбыз, муну чет элдик фирмалар гана чечет деп айтышкан эле. Бирок, биз бул технологияны ийгиликтүү өздөштүрүп, бүгүнкү күндө эң сонун сапаттагы мамлекеттик маанилүү документтерди чыгарып жатабыз. Улуттук банкноттор боюнча дагы ушундай болот, аларды чыгаруу анча кыйын эмес, майда номиналдагы купюралар менен өндүрүштү баштайбыз, андан кийин суу белгиси бар татаалыраак векселдерге өтүп, бул маселеде өзүбүздү көз карандысыздык менен бекем камсыз кылабыз”,- дейт Нурбек Элебаев.

Садыр Жапаров “Учкун” ишканасынын мындан ары өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисин белгилеп, жетекчиликке өндүрүштү модернизациялоону, алдыңкы технологияларды киргизүүнү жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууну улантууну тапшырды. Бул өлкөнүн экономикалык потенциалын чыңдап, продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, кошумча жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.