Кыргызстан 20 жылдан ашык убакыттан бери глобалдык климаттын өзгөрүшү боюнча маселени ар кандай эл аралык аянтчаларда, БУУнун сессияларында жана жыйындарында көтөрүп келет. Адамзат табигый кыйынчылыкка дуушар болду, ал адамзатына тиешелүү фактор менен мүнөздөлөт. Планетадагы температуранын олуттуу жогорулашын абанын булганышы курчутуп жатат. Жылуулук толкундары жана кургакчылык узакка созулуп баратат. Азыр алар экваторго жакын аймактарда гана эмес, орто кеңдиктерге да жайылып жатат.
Табигый циклдер барган сайын тең салмаксыз болууда, ошондуктан планетанын ар кайсы бөлүктөрүндө аба ырайы адаттагыдан өзгөрүүдө. Тенденция бир гана көрсөткүч боюнча туруктуу - Жердеги орточо температура жылдан жылга жогорулап баратат. Биринчиден, бул мөңгүлөрдүн бузулуу тенденциясы күч алып жаткан тоо экосистемасына сокку болуп саналат. Ошондуктан Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Ханкендидеги саммитинин күн тартибинин олуттуу бөлүгү климаттык коопсуздук маселелерине арналган. Жогорку деңгээлдеги форумдун ишине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышты. Глобалдык жылуулук кеңири аймактарда жашоо шарттарын өзгөртүп жатат жана бул чакырыкка көнүү гана эмес, экономикалык өсүшкө жетишүү жана аймактык инфраструктураны өнүктүрүү зарыл.
ЭКУ лидерлеринин Ханкендидеги жыйынында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы Садыр Жапаров экономикалык өнүгүү менен глобалдык жылуулуктун ортосундагы ажырагыс байланышты белгиледи.
"Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, тоолуу экосистемаларды сактап калуу максаттарында регионалдык жана глобалдык деңгээлде жигердүү кызматташууга даяр.
Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында республика бул багытта Климаттын өзгөрүшү, тоолор жана мөңгүлөр боюнча декларацияны алга жылдырып жатат. Ошону менен бирге биз "Тоолуу жаштар жана климат" аттуу эл аралык платформаны түзүүнү демилгеледик. 2023–2027-жылдарды камтыган Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Беш жылдык аракеттердин алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз. Анын ичинде 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" II Глобалдык Тоо саммитин да белгилеп кетет элем ", - деди Садыр Жапаров.

Учурдагы климаттык шарттарга ыңгайлашуу үчүн Кыргызстандын лидери энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, айыл чарба менен өнөр жайга интеллектуалдык инфраструктураны киргизүү боюнча аракеттерди бириктирүүнү сунуштады.
«Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле региондук жана глобалдык деңгээлдеги тоо экосистемаларын сактоо боюнча жигердүү кызматташууга даяр», - деп баса белгиледи өлкө башчысы.
Бир нече ондогон жылдар бою Кыргызстан “түбөлүктүү” деп классификацияланган мөңгүлөрдүн 20%га жакынын жоготту. Алардын эрүү ылдамдыгы 2040-жылга чейин өлкө суу ресурстарынын 40%, ал эми кылымдын аягында 80%ке чейин жогото тургандай. Бул мындан ары кризис эмес, катастрофа болорун эксперт эместер деле түшүнсө керек.
Ошондуктан Бишкек дүйнөлүк коомчулукту климаттык коркунучтарга көңүл бурууга дайыма чакырып келет. Өлкөбүздүн демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди жарыялаган. Кыргызстан глобалдык жылуулуктун кесепеттерин ыңгайлаштыруу жана жумшартуу боюнча конкреттүү иш-аракеттерди жасаган. Республиканы таза энергия менен камсыз кылып, атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын азайткан ондогон чакан ГЭСтер курулуп жатат. «Жашыл Мурас» улуттук программасынын аркасында жыл сайын өлкөдө 8 миллионго чейин жашыл бактар отургузулат, алар көмүр кычкыл газын өзүнө сиңирген чоң токой аянттарын түзөт.

Апрель айынын аягында республикада «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу» эл аралык конференциясы өттү. Ага 50дөн ашык өлкөнүн өкүлдөрү жана көп тараптуу уюмдардын жетекчилери катышты. Форумда Садыр Жапаров тоо күн тартибин эл аралык деңгээлде алдыга жылдыруу боюнча бир катар сунуштарды айтып, макулдашылган иш-аракеттерге чакырган.
Глобалдык жылуулукка ыңгайлашуу жашоого ылайыктуу мейкиндикти сактап калуу маселеси. Эгерде тоолор мөңгүлөрүн жоготсо, анда коңшу мамлекеттер да мөңгүлөрүн жоготот жана бул мейкиндиктер абдан маанилүү болушу мүмкүн, демек биз суусуз калабыз. Андыктан кризистен чыгуу үчүн Кыргызстандын президенти Бишкек форумунун катышуучуларын бир катар маанилүү демилгелерди колдоого чакырган.
- Тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана климаттык кризиске туруктуулукту жогорулатуу үчүн эл аралык финансылык институттардын колдоосу менен айыл чарбасына, “жашыл” экономикага жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына инновацияларды киргизүү;
- Тоолуу аймактардагы долбоорлорду, анын ичинде климаттык каржылоо механизмдери аркылуу туруктуу каржылоону камсыз кылуу. Бул максаттарда тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүү;
- Дүйнө өлкөлөрүнүн тышкы карызын “жашыл” демилгелерге алмаштыруу боюнча биздин демилгелерибизди колдоо.
2027-жылы Бишкекте Глобалдык тоо саммити өтөт. Мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги бул иш-чара БУУ тарабынан колдоого алынган “Беш жылдык аракеттердин” кыскача мазмуну гана болбостон, климаттык коркунучтардын кесепеттерин жоюуга багытталган программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуунун жаңы этабынын башталышы болушу керек.