Улуттук валютадагы депозиттердин пайызы жогору – адистен кеңеш

Коом Загрузка... 14 Июль 2026 18:08
48746e31-4320-4349-822b-2a4df82ab398.png

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Депозиттерди банкка улуттук валюта менен салууда пайыздык ченеми жогору болот. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, негизи аманттарды улуттук валютада же чет элдик валютада салса болот. Жарандар үчүн акча каражаттарын үйдө сактоого караганда банктарда аманат катары сактоо коопсуз жана пайдалуу.

“Үйдө акча каражатын сактоо кооптуу болгондуктан, банкта сактоону сунуштайбыз. Эгер акчаңызды банктарда сактап, депозитке салып койсоңуздар үстүнө туум түшүп көбөйүп турат. Акча каражаттын банкта сактоодо топтолуп жаткан сумма депозит же аманат болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө өлкөдө 26 коммерциялык банк жана андан тышкары мамлекеттик банктар бар. Бул коммерциялык банктардын Улуттук банк тарабынан берилген депозиттерди, аманаттарды кабыл алуу үчүн лицензиялары бар. Ошол 26 банктын ичинен өзүңүз каалаган бир банкты тандап, аманат салсаңыз болот.
Андан башка, депозит ачууга мүмкүн болгон өлкөдө 3 микрофинансылык банктар бар. Алар “Салым финанс”, “АБН” микрофинансылык компаниясы жана “Элет-Капитал”. Депозитти жарандар өз шартына жараша сунушталган мөөнөттөрдүн ичинен бирин тандашат. Негизинен кайсы банктын пайыз ченеми көбүрөөк болсо, ошого каражаттарын салышат”,- деди агенттиктин аткаруучу директору.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда банктардагы депозиттердин жылдык пайыздык ченеми 14,5 - 15% болууда.