Коммерциялык банктардагы депозиттердин суммасы 866 млрд сомду түздү

Экономика Загрузка... 18 Июнь 2026 12:50
996353.02f1f88e4ebe6a17605829f0b46478b8.jpg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Коммерциялык банктардын депозиттик базасы 46,2%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жалпы каражаттардын суммасы 866,2 млрд сомду түздү.

“Банктар экономиканын реалдуу секторун активдүү кредиттөөгө басым жасашты. Атап айтканда, соода, ипотека, айыл чарба жана башка секторлорго насыялар берилди”, - деди Бакетаев.