Кыргызстандыктар акча каражатын кайсы валютада сакташат?

Экономика Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 18:10
Savings-accounts-2-2.width-800.png

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда жылдан-жылга жарандардын финансылык сабаттуулугу жогорулоодо. Буга байланыштуу алар акча каражатын сактоого өзгөчө маани берип жатышат дешет экономисттер. Бирок акчаны кайсы валютада сактоо керек деген суроо жаралбай койсо керек? “Кабар” агенттиги жарандардын акча сактоо эмнеге көңүл буруу керек экендигин айтып берет.

2912143.b069545553db4027cfb5328af1a05c96

Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар топтолгон акча каражатын пайдаланбаса же мерчемдеген ишине сарптаганга чейин сактап турууну туура көрүшөт. Кээ бири улуттук валютада – сом менен кармоого басым жасашса, башкалары чет элдик валюта же баалуу металлдарды сатып алууга аракет кылышат.

Кыргызстандыктар акчасын сом менен сактаганынын пайдалуу жактары көп. Эгерде каражатты өлкө ичинде гана колдонорун чечсе, анда улуттук валютаны тандоо туура чечим деп эсептелет.

“Кабар” агенттигине экономика илимдеринин доктору Сагынбүбү Чолбаева билдиргендей, көпчүлүк кыргызстандыктар акчасын эмне үчүн сом менен сактоого аракет кылышарын түшүндүрүп өттү.

ChatGPT_Image_29_iyun._2026_g._18_06_34.width-800

“Себеби, чет элдик валюталар, айрыкча доллар менен сакталса, курска жараша ал өзгөрүлүп турат. Ошол үчүн биздин Кыргызстандын жарандары акчасын депозитке сала турган болсо, улуттук валютада сактаганы туура болот. Эгерде чет элдик валютада сактайын деп чечсе, анда дүйнө жүзүндөгү ошол валютанын курсунун өзгөрмөлүүлүгү таасирин тийгизип каларын да эске алуулары керек”, - деди ал.

Ошондой эле экономист акчасын ички рыноктогу алып-сатууларга жумшай турган болсо, жарандар акчаларын чет элдик валютага алмаштыруусунун кажети жок деп белгилейт.

image (2)

Чет элдик валюта, айрыкча доллар менен акчасын кармап туруу кимдерге пайдалуураак деп ойлойсуз?

Эксперттердин пикиринде, каражатын доллар менен сактоо көп каражат сарптай турган жарандарга ыңгайлуу. Маселен, чет өлкөдө билим алгандарга же дарылануу үчүн пландап жаткандарга чет элдик валютада кармаганга болот.

Кыргызстанда 2026-жылдын июнь айынын аягына карата коммерциялык банктардагы депозиттик базанын жалпы көлөмү 924,7 млрд сомду түздү, Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук банктан билдиришти.

naczionalnyj-bank-kr-850x560.jpg

Маалыматка ылайык, депозиттердин ичинен 656,1 млрд сому (70,95%) улуттук валютада жана 268,6 млрд сому (29,05%) чет өлкө валютасында болууда.

Бул сандардан учурда акча каражатын депозиттерде сактоого ыктаган жарандардын саны жогорулаганын байкоого болот. Анткени банктарда депозиттик эсеп ачып, каражатын салуу менен андан кошумча киреше табуу мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргызстандын депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин персонал менен иштөө жана байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Нурсултан Насырканов биздин агенттикке маалымдагандай, депозиттер коопсуз сакталуусу менен да айырмаланат.

“Эгерде банк лицензиясынан ажыраса, же банкрот болсо мыйзамда белгиленген өлчөмдө 1 миллионго чейин каражаты пайыздары менен төлөнүп берилет”, - деди ал.

Ошондой эле Нурсултан Насырканов белгилегендей, акыркы убакта депозиттердин үлүшүндө акчасын улуттук валютада сактагандар көбүрөөк. Бул улуттук валютадагы депозиттердин пайыздык чендери салыштырмалуу жогору болушу жана улуттук валютага карата ишенимдин артышы менен байланыштырылат.

“Өлкөдө акыркы жылдары узак мөөнөттүү депозиттерге кызыгуу өсүүдө. Бул жарандардын финансылык сабаттуулугунун жогорулашы, банктар сунуштап жаткан пайдалуу шарттар жана депозиттерди мамлекеттик кепилдик менен коргоо системасына болгон ишенимдин артышы менен түшүндүрүлөт. Кыргызстандын депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жарандардын депозиттерин коргоо боюнча иш алып барат. Агенттик депозиттерди коргоо системасынын иштешин камсыздайт. Калкка маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет”, - деди Нурсултан Насырканов

Бүгүнкү күндө акчасын баалуу металлга, анын ичинде алтын куймаларына жана зер буюмдарына салууга басым жасаган жарандар да бар. Бирок алтындын баасы рынокко жараша өзгөрүп турарын унутпоо зарыл.

1046674835_35_0_896_646_1920x0_80_0_0_20793c5e1365acdde00021a41bc6d04e

Эл аралык биржаларда алтындын баасы башка жылдарга салыштырмалуу кыйла өсүп жатканын байкоого болот. Анча чоң эмес пайызда гана олку-солку учурлар катталганы менен, бирок алтындын баасы мындан ары да өсүү темпинде болорун эксперттер айтып келишет.

Талдоо көрсөткөндөй, жарандардын 50%ы акча каражатын улуттук валютада сактоого басым жасашат деп эсептесек, 40%дайы чет элдик валютаны тандаса, 10%ы алтынга инвестиция кылышат. Каражатты сактоонун көрсөткүчүнүн жогорулаганы калктын финансылык сабаттуулугунун өсүшү жана каражатты максаттуу пайдаланууга маани берилип жатканы менен түздөн-түз байланышарын белгилеп кетүү керек.