Улуттук вакцина кампасын курууга даярдыктар башталды

Ден соолук 03 Апрель 2026 12:05
1575696087_0_160_3072_1888_1920x0_80_0_0_5370d237ffbe665876f5d90c8f995a83.jpg
ff8ba8e1-9309-48d8-af87-9c4c9b76ef7e.jpg
1b7b1dca-3d9f-42c4-906e-7bd565699eb4.jpg
a2cfd7b5-ac78-4808-9c52-a7be01c9785d.jpg
138b07bf-6500-414d-bca1-a181d393ec13.jpg
Алдыга
Артка
1575696087_0_160_3072_1888_1920x0_80_0_0_5370d237ffbe665876f5d90c8f995a83.jpg
ff8ba8e1-9309-48d8-af87-9c4c9b76ef7e.jpg
1b7b1dca-3d9f-42c4-906e-7bd565699eb4.jpg
a2cfd7b5-ac78-4808-9c52-a7be01c9785d.jpg
138b07bf-6500-414d-bca1-a181d393ec13.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Улуттук вакцина кампасын курууга даярдыктар башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти

Ведомствонун маалыматына ылайык, министрликтин өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр курулуш аянтчасындагы даярдыктардын жүрүшүн жана долбоорду ишке киргизүүнү талкуулашты.

Анда курулуш этаптары, аянтты даярдоо, объекттин техникалык талаптары жана долбоорду өз убагында ишке киргизүүнү камсыз кылуу боюнча маселелер каралды.

Курулуш иштерин баштоо үчүн Бишкек шаарында Ахунбаев көчөсү, 186 дарегинде жайгашкан 13 сотых жер тилкеси Республикалык иммунопрофилактика борборунун балансына өткөрүлүп берилген.

Долбоор Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа боюнча аймактык кеңсесинин стандарттарына ылайык ишке ашырылып жатат. ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен техникалык-экономикалык негиздеме жана курулуштун алдын ала сметасы даярдалган.

Долбоор эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен каржыланууда. Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянс (ВИГА) курулушка 1 млрд 267 млн АКШ доллар бөлдү.

“Бул долбоорду ишке ашыруу өлкө үчүн стратегиялык жактан маанилүү. Жаңы Улуттук вакцина кампасы эл аралык вакцина сактоо стандарттарынын сакталышын камсыздайт жана иммунизация системасынын туруктуулугун бир топ жакшыртат”, - деп белгиледи саламаттыкты сактоо министринин орун басары жана башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Гүлбара Ишенапысова.
"Жаңы Улуттук вакцина кампасына заманбап температураны көзөмөлдөөчү сактоо технологиялары, реалдуу убакыт режиминдеги температураны көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы, резервдик электр менен камсыздоо булактары жана санариптик инвентаризацияны башкаруу жабдуулары орнотулат. Бул мекемеде өзгөчө кырдаалдарга жана жугуштуу оорулардын чыгышына камдалган резервдерди камтыган стратегиялык вакцина резерви сакталат",-деп айтылат маалыматта.

Долбоорду ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • улуттук вакцина сактоо системасын эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү;
  • сактоочу жайдын жөндөмдүүлүгүн бир кыйла жогорулатуу жана биологиялык коопсуздук деңгээлин жакшыртуу;
  • өлкөнүн бардык аймактарын вакцина менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу;
  • эпидемиологиялык коркунучтарга даярдыкты жакшыртуу;
  • иммундаштыруу системасына болгон коомчулуктун ишенимин бекемдөө.