Улуттук университетти III даражадагы “Манас” ордени менен сыйлоо. Жарлыкка кол коюлду

Президент 25 октябрь 2025 10:50
Улуттук университетти III даражадагы “Манас” ордени менен сыйлоо. Жарлыкка кол коюлду

Бишкек, 25.10.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасында билим берүү системасын жана илимди өнүктүрүүгө, республиканын ар кайсы тармактары үчүн квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.