Бишкек 05.06.25 /Кабар/. Кечээ, 4-апрелде Кыргыз улуттук университетинде “Агартуучу десант: Союз элдеринин 1945-жылдагы нацизмди жеңүүдөгү салымы» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу университеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Россиянын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери, «Победа 9/45» патриоттук кыймылынын уюштуруу комитетинин төрагасы Борис Чернышов жана КУУнун биринчи проректору Алайбек Шамшиев иш-чаранын катышуучуларын куттукташты.
Ошондой эле анда «28 Панфиловчу» аталышындагы тасма көрсөтүлүп, Россиянын аскер-тарыхый коомунун илимий директору, Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхы боюнча монографиялардын автору Михаил Мягков «Биз бирге жеңдик: Союз элдеринин 1945-жылдагы нацизмди жеңүүдөгү салымы» деген лекциясын окуду. Ал эми россиялык пранкер Владимир Кузнецов жана блогер Алексей Столяров («Вован» жана «Лексус») «Пранк-журналистика: тарыхый чындыкты коргоо жана Батыштын алдыңкы адамдарынын фейктерин ачуу» деген темада лекция окушту.
“Россиядан келген катышуучуларды КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев кабыл алды. Иш-чара “Евразия” коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулду”, - деп айтылат маалыматта.