Бишкек, 16.08.26. /Кабар/. Травматология жана ортопедия улуттук борборунун курулуш иштеринин 70 пайызы аяктап калды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору, Улуттук илимдер академиясынын академиги Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, аталган борбордун курулушу былтыр башталган. 450 орундуу оорукана 7 кабаттан турат. Президенттин демилгеси жана колдоосу менен курулуп жаткан борбор мамлекеттин каражатынын эсебинен каржыланууда.
“Учурда борбордун курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Мында курулушчулар күнү-түнү дебей иштеп жатышат. Керектүү курулуш материалдары өз убагында жеткирилүүдө. Борбор президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен курулуп жатат. Курулушу башталганда 3 млрд сом бөлүнгөн. Курулуш иштери президенттин Иш башкармалыгы тарабынан аткарылууда”, - деди ал.

Сабырбек Жумабеков белгилегендей, борбор заман талабына жараша травматология жана ортопедия тармагына керектелчү жаңы медициналык технологиялар менен жабылат. Анын ичинде компьютердик томографиянын түрлөрү, рентген аппараттар, робот-ассистент, жаңы медициналык аспаптар менен камсыздалат.
“Робот-ассистент травматолог-ортопеддерге хирургиялык операцияларды жасоодо жардам берет. Жакында эле Кытайдын жеке компаниясы бизге 150 миң долларлык робот-реабилитолог жабдуусун акысыз берди. Бул жабдуу ушул айдын ичинде өлкөгө алып келинет. Биздин мекеме күнү-түнү, 24 саат бою бейтаптарды кабыл ала алат. Эң бир өзгөчөлүгү – бул имараттын чатырында тик учак конуучу жай салынат. Бул алыскы аймактардан жана коңшу мамлекеттерден медициналык жардамга муктаж болуп келген бейтаптарды кабыл алууга ыңгайлуу шартты түзөт", - деп белгиледи ал.
Бул борбор Борбор Азияда жаңы типтеги медициналык мекеме болуп эсептелинет. Жалпысынан миңге жакын медицина кызматкерлери эмгектенмекчи. Ошол эле маалда өлкөдөгү дарыгерлердин тажрыйбасын арттырууга да өзгөчө көңүл бурулуп, окутуулар уюштурулат.

“Кыргызстандын аймактары менен телемедицина аркылуу байланышып, кесиптештерибизге көмөк көрсөтөбүз. Ошондой эле мекемеде И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Кыргыз-Россия Славян университетинин медициналык факультетинин студенттери, ординаторлору, аспиранттары, докторанттары билим алат, тажрыйба топтошот. Мындан тышкары, дарыгер, ортопед-траматологдордун квалификациясын жогорулатуу максатында жылына эки жолу окутуулар уюштурулуп, жаңы методдор менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жыл сайын травматология жана ортопедия жаатында эл аралык конгресс, симпозиум жана конференцияларды өткөрүүгө шарт түзүлөт. Муну менен катар борбордо илимий-изилдөө иштери да жүргүзүлөт. Бардык жасаган иштерибиз илимге негизделет. Анткени илим бар жерде өнүгүү, өсүү болот. Ийгиликтерге жана жетишкендиктерге жетишебиз. Ошондуктан илим менен ишибиз айкалыштырылат”, - деп айтты академик.
Сабырбек Жумабековдун пикиринде, объектини жыл соңунда пайдаланууга берүү пландалууда. Оорукананы тиешелүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыздоо үчүн буюртмалар берилип жатат. Алар күз айларында өлкөгө жеткирилет.
Белгилей кетсек, борбордо травматология, нейтротравматология, политравма, балдар жана чоңдор ортопедиясы, муун алмаштыруу, омуртка, спорттук травма бөлүмдөрү болот. Ошондой эле операция жана травмадан кийин бейтапты калыбына келтирүүчү реабилитациялоо бөлүмү иштемекчи.