Улуттук травматология жана ортопедия борбору заманбап медициналык техникалар менен жабдылат - Жумабеков

Ден соолук Загрузка... 31 Март 2025 16:25
WhatsApp Image 2025-03-31 at 12.22.28 (8).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Улуттук травматология жана ортопедия борборунун жаңы имараты заманбап медициналык техникалар менен жабдылат. Бул тууралуу Кыргызстандын травматологдор жана ортопеддер ассоциациясынын президенти, академик Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жатат.

“Ооруканада жылына 15 миңден ашуун бейтап дарыланат. Комплекс заман талабына ылайык курулат. Анда операция жасай турган роботтор, илимий жабдуулар жана тик учак менен аймактардан келип конуучу зоналар болот. Ошондой эле борбордо ортопед, травматологдордун илимий билимин өстүрө турган методикалык мекеме да курулат. Аталган борбор, биздин өлкө үчүн эле эмес, коңшу өлкөлөр үчүн да үлгүлүү, эң күчтүү травматология жана ортопедия борбору болот”, - деди ал.