Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Өлкөдө 2026-жылдын башына карата тез жардам унааларынын жетишсиздиги 360 автоунааны түзсө, анын ичинен быйыл 150 унаа сатып алынып эң курч муктаждык жоюлган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов бүгүнкү тез жардам унаасын тапшыруу иш-чарасында "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда республика боюнча 590 тез жардам унаасы бар. Алардын 90го жакынын эскилиги жеткендиктен, эсептен чыгаруу зарыл.
“Саламаттык сактоо системасынын ченемдерине ылайык, ар бир 10 миң калкка бир тез жардам унаасы туура келиши керек. Бул талапка ылайык, өлкө боюнча жалпысынан 750 унаа зарыл болсо, азыр анын 80 пайызы жабылды. Быйыл сатылып алынган 150 автоунаа эң муктаж болгон аймактарга бөлүштүрүлдү. Бүгүн тапшырылган 73 унаа да аймактардагы курч муктаждыкты азайтууга багытталган. Азыр чоң муктаждыкты жаптык десек болот. Жалпысынан дагы 200дөй тез жардам унаасы керек. Бирок бул мурдагыдай курч жетишсиздик эмес, калкты толук тейлөө жана дүйнөлүк стандарттарга жооп берүү үчүн керек", — деди Осмонов.
Ошондой эле ал айрым тоолуу аймактарда 2 WD унаалар жүрбөгөндүктөн, ал жактарга өзгөчө түрдөгү 4WD автоунаалары сатып алынарын маалымдады.
Министрдин айтымында, учурда тапшырылган унаалардын комплектациясы жана аймактардын өзгөчөлүктөрү эске алынып, келечекте кайсы класстагы автоунаалар керектиги аныкталууда. Бул багытта кошумча сатып алуулар боюнча пландар даярдалууда.
Белгилегендей, эгерде унааларды сатып алуунун азыркыдай темпи сакталса, жакынкы жылдары өлкөнүн тез жардам унааларына болгон муктаждыгын толук чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.
Эскерте кетсек, бүгүн саламаттык сактоо уюмдарына тапшырылган Кытайда чыгарылган JAC Sunray V4 үлгүсүндөгү "В" классындагы 73 тез жардам унаасы Дүйнөлүк банктын гранттык каражатынын эсебинен сатылып алынган. Жалпысынан 313 млн сомдон ашык каражат сарпталган. Мында бир унаанын баасы 4 млн 288 миң 374 сомду түзгөн.
Техникалык мүнөздөмөсүнө ылайык, ар бир унаа шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалган. Алсак, кычкылтек берүүчү, реанимациялык жана диагностикалык жабдуулар, бейтаптарды ташуу жана кыймылсыз абалда кармоо каражаттары, көчмө өпкөнү жасалма желдетүүчү аппараттарды жана кошумча жабдууларды камтыйт.