Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев баштаган делегация 12-13-ноябрда Астанада өткөн баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты.
Министрликтин маалыматына ылайык, Нурбек Букуев иш-чарада өлкөдөгү баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын тааныштырды. Алардын катарында үй-бүлөлүк медицинаны чыңдоо, медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, оорулардын алдын алуу, тармакты санариптештирүү жана медициналык кадрларды даярдоо бар.
Ал саламаттык сактоо системасы ооруну дарылоого гана эмес, анын алдын алууга жана эрте аныктоого багытталышы керектигин белгиледи.
Ошондой эле Кыргызстан баштапкы медициналык-санитардык жардам боюнча өлкөлөрдүн глобалдык коалициясынын демилгесин колдой турганын билдирди. Делегациянын конгресске катышуусу Казакстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган.