Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Улуттук травматология жана ортопедия борбору курулса, бейтаптар чет өлкөдө дарыланбай калат. Бул тууралуу КР эмгек сиңирген дарыгери Нимат Малаев билдирди.
Дарыгердин айтымында, буга чейин бейтаптардын басымдуу бөлүгү ооруканын шарттары жакшы болбогондуктан чет өлкөлөргө барып дарыланышчу.
“Борбор буюрса, бардык ыңгайлуу шарттары менен курулат. Муну менен катар илимий мекеме курулуп, анда кесипкөй адистер даярдалат. Эми бейтаптарыбыз заман талабына ылайык курулган ооруканада жана кесипкөй дарыгерлердин кароосунда дарылана алышат. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ушул саамалык ишке ашып жатат. Улуттук травматология жана ортопедия борборунун жалпы жамааты өлкө башчыга ыраазычылык билдирет”,-деди ал.