Санитардык тез жардам тик учагы, операция жасоочу роботтор. Травматология жана ортопедия борборунда түзүлө турган шарттар

Интервью Загрузка... 02 Апрель 2025 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкекте Улуттук травматология жана ортопедия борборунун имаратынын курулушуна мезгил кутусу салынды. Жаңы Травматология жана ортопедия борбору – заманбап медициналык комплекс болуп, анын жалпы аянты 34 миң 500 чарчы метрди түзөт.

614f6612-73e0-4bb6-83c8-dbb11277f0ac.jpg

Медициналык борбор беш блоктон турат. Муну менен катар борбордо 11 бөлүм иштейт, алардын ар биринде 40 орун болот. Жалпысынан борбор 440 орунга ылайыкталган. Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги аталган борбордо түзүлө турган шарттар жана жаңычылдыктар боюнча травматолог-ортопед, КММАнын Травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы Сабырбек Жумабеков менен маек курду.

WhatsApp Image 2025-04-01 at 15.40.20.jpeg

Саламатсызбы, алгач курулуп жаткан Улуттук травматология жана ортопедия борбору тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.

Өлкөдө курулушта кырсыкка учурагандардын, унаа кырсыктарынан, табигый кырсыктардан ар түрдүү жараат алгандардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат. Муну менен катар тубаса оорулар менен төрөлгөндөрдүн саны да көбөйүүдө. Статистика боюнча Кыргызстанда оор жараат алып каза болгондордун саны экинчи орунда турса, ал эми оор жараат алып майып болуп калгандар үчүнчү орунда турат. Мына ошондуктан бизге мындай борбор абдан зарыл. Бул орчундуу долбоор өлкө башчысы Садыр Жапаровдун демилгесинин аркасында ишке ашып жатат. Буюрса, Орто Азия өлкөлөрүнө үлгү болчу заманбап медциналык жабдуулар менен жабдылган Улуттук травматология жана ортопедия борбору эки жылда курулуп бүтөт. Борбор бир гана бейтаптарды дарылоо менен эле чектелбейт. Борбордо кесипкөй дарыгерлер дагы даярдалат. Аспирантура, докторантурага тапшыра турган дарыгерлер, мына ушул илимий борбордо билимин бекемдей алышат. Аталган борбор буюрса, кыргыз дарыгерлеринин илимий ачылыштарынын жана өнүгүүгө алып барчу илимий аянтчасы болот.

— Бейтаптар үчүн кандай шарттар жана жеңилдиктер каралган?

Бейтаптар үчүн абдан жакшы шарттар каралып жатат. Биринчи кезекте акысыз дарылануу мүмкүнчүлүгү. Бейтаптын бардык кем-каржысын мамлекет өзү камсыздап берет. Өзүңөргө маалым болгондой бейтаптардын басымдуу бөлүгү ооруканалардын шарты жок болгондугуна байланыштуу чет өлкөлөргө барып дарыланып келишет. Аталган борбордун курулушу менен чет өлкөгө баруу зарылдыгы жок болот. Заманбап жабдуулардын аркасында дарылоо мөөнөтү да кыскарат. Европа өлкөлөрүндө оор жараат алып ооруканага түшкөн бейтап үч күндөн ашык жатпайт. Кандай гана оор жаракат алып келбесин, бейтап үч күндө бутуна туруп кетет. Буюрса, бизде да ошондой болот. Буга чейин 10-12 күн дарыланган бейтап, 4-5 күндүн ичинде ооруканадан басып чыгып кете алат. Мунун аркасында мамлекеттин каражаты үнөмдөлөт. Үнөмдөлгөн каражат албетте, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө өбөлгө болот. Буга чейин бейтаптар шаардын бир четинен, бир четине чуркап жүрчү эмес беле. Эң башкысы мына ошол көйгөй чечилет. Бейтапты бир эле жерден бүт ооруларга текшерүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

— Өлкөдө бардык тармак санариптештирилүүдө. Бул багытта ооруканада кандай жаңычылдыктар болот?

Санариптештирүү заманында медицина тармагы да четте калган жок. Жасалма интеллект медицина тармагында кеңири эле колдонулуп калды. Кыргызстанда биринчи жолу операция жасай турган роботтор алынып келет. Роботторду коңшу Кытайдан алып келүү пландалууда. Адам операция жасаганда сөзсүз түрдө 1-2 миллиметр мүчүлүштүк жасайт экен. Роботторду изилдөө учурунда алардын бычак менен иштөөдө туура, так, дыкат жана мүчүлүштүгү жок иш алып барары далилденди. Ал тургай алардын операцияны ыкчам жасары аныкталды. Биз операция жасоонун жол-жобосун компьютерге киргизебиз да, ал жактан аларды башкарып, көзөмөлгө алып турабыз. Адамдын аң-сезими менен эле иш алып барышат. Мындан сырткары, ооруканын курулушу менен санитардык тез жардам тик учактары да каралган.

—Санитардык тез жардам тик учактары тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.

Ош-Бишкек, Нарын-Торугарт сыяктуу опурталдуу жолдордо бейтапты алып келүү алардын ден солугунун ого бетер начаралашына алып келип жатат. Көбү ооруканага жетпей каза да болуп калып жатышат. Бизге санитардык тез жардам тик учактары керек. Учурда өлкөдө санитардык тез жардам тик учактары жок. Абдан зарыл болгон кезде бейтапты ӨКМдин тик учагы менен алып келебиз. Бирок, ал тик учактар санитардык нормаларга жооп бербейт да. Бул көйгөйлөрдү эске алуу менен өлкө башчысы долбоорго санитардык тез жардам тик учактарын да киргизип жатат. Буюрса, бул тик учактар менен бейтапты өлкөнүн кайсы бурчунан болбосун бир саатта алып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Учуп келген тик учак, борбордун чатырына конуп, бейтаптар дароо эле түз ошол жактан операцияга же текшерүүгө киргизилет.