Бишкек, 20.12.25. /Кабар/. Улуттук тарых музейинде Бишкекте аккредитацияланган элчиликтердин колдоосу менен “Сыйкырдуу майрам: дүйнө элдеринин жаңы жылдык салттык өзгөчөлүктөрү” аттуу салттуу жаңы жылдык көргөзмө иш-чарасы өттү. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чараны музей директору Жылдыз Бакашова ачып, музей акыркы төрт жылдан бери көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулоо, кайрымдуулукту жайылтуу жана эл аралык кызматташууну бекемдөө багытында иш алып барып жатканын белгиледи.
Иш-чарага бир катар чет өлкөлүк элчилер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, студенттер жана музей кызматкерлери катышты. Катышуучулар бул демилге мамлекеттер аралык ынтымакты чыңдап, маданият аркылуу коомго оң таасир берерин белгилешти.
Көргөзмөнүн алкагында Кыргызстан, Кытай, Россия жана Япониянын жаңы жылдык балатылары коюлуп, элчиликтердин өкүлдөрү жана Чүй облустук камералык оркестр тарабынан концерттик программа тартууланды.