Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу максатында "Кыргыз шахмат союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Бул чечим 2026–2030-жылдарга каралган мамлекеттик саясаттын алкагында кабыл алынып, шахматты өлкөнүн социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныктады.
Жарлыктын негизги максаттары — эл аралык деңгээлдеги спортчуларды даярдоо системасын өркүндөтүү, жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү үчүн заманбап база түзүү жана шыктуу таланттарды ар тараптуу колдоо.
Документке ылайык төмөнкү чаралар каралган:
- "Кыргыз шахмат союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы" мекемесин түзүү демилгеси колдоого алынды.
- Жогорку натыйжаларды көрсөткөн спортчулар жана машыктыруучулар эл аралык мелдештерге катышууга, инвентарь сатып алууга жана кесиптик жактан өнүгүүгө мамлекеттик колдоо алышат.
- Заманбап материалдык-техникалык базаны түзүү жана шахматты жайылтуу үчүн президенттин фондунан 100 млн сом бөлүніп, Кыргыз шахмат союзуна караштуу өнүктүрүү фонду түзүлдү.