Улуттук көркөм сүрөт музейинин 90 жылдык мааракеси белгиленди

Маданият 12 Декабрь 2025 09:40
597828392_1157791539845934_1185455021483829348_n.jpg
597182234_1157791743179247_1877559514438443712_n.jpg
597238154_1157791343179287_7884945550009464808_n.jpg
597389522_1157791723179249_157364378802770537_n.jpg
597826976_1157791693179252_1749442382960856450_n.jpg
597864809_1157791469845941_947147803813657943_n.jpg
597880087_1157791563179265_9093572861341195899_n.jpg
597894654_1157791796512575_7904327614073144893_n.jpg
597920421_1157791429845945_4078803689410754855_n.jpg
599929181_1157791626512592_7675103626984889085_n.jpg
599941309_1157791329845955_4646095751681742832_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 12.12.25 /Кабар/. Күн мурун Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин 90 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага көркөм өнөр жана интеллигенция өкүлдөрү катышып, маданият министри Мирбек Мамбеталиев, Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев жана башкалар куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Мамбеталиев министрлик музейдин чыгармачылык потенциалын, илимий ишин жана коомчулук менен байланышын мындан ары да колдоого, жаңы технологиялар, санариптик архивдер, көргөзмөлөр аркылуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгиледи.

Расмий бөлүктөн соң келген коноктор музейде уюштурулган көргөзмө-жарманкелер менен таанышты.

Маалымат үчүн: Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи – Кыргызстандагы улуттук көркөм мурастын негизги сактоочусу жана искусствонун өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан алдыңкы маданий мекеме. 90 жыл аралыгында музей өлкөнүн көркөм искусствосунун тарыхын, жүздөгөн авторлордун эмгегин жана уникалдуу экспонаттарды муундан-муунга таанытып келет.