Улуттук коопсуздук органдарына соттук-эксперттик изилдөө жүргүзүү укугу берилди

Президент 31 октябрь 2025 13:23
Улуттук коопсуздук органдарына соттук-эксперттик изилдөө жүргүзүү укугу берилди

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзам менен улуттук коопсуздук органдарына соттук-эксперттик, криминалистикалык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү укугун, анын ичинде келишимдик негизде, аларды өндүрүү жана төлөөсү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу укуктар берилет.