Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Бүгүн Улуттук китепканада Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100 жылдыгына карата «Социалдык коргоого 100 жыл: жетишкендиктер, чакырыктар, келечектин артыкчылыктары» деген темада тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага мурдагы эмгек министрлери, Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, Кыргызстан кесиптик бирликтер союзунун өкүлдөрү, өнүгүү боюнча өнөктөштөр жана министрликтин кызматкерлери катышты.
Катышуучулар министрликтин тарыхын, анын советтик мезгилдеги, кайра куруу жылдарындагы жана көз карандысыздык алгандан кийинки ролун талкуулашты.
Ошондой эле кадрларды кесиптик даярдоо, миграция тармагындагы реформалар, санариптештирүү жана социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү маселелери көтөрүлүп, учурдагы милдеттер жана келечектеги стратегиялык багыттар тууралуу сөз болду.
Белгилей кетсек, атайын видеопрезентацияда министрликтин негизги багыттары көрсөтүлдү: аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, балдарды, кары адамдарды жана майыптарды колдоо, кедейчилик, гендердик дискриминация жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш.
Бермет Жумабекова