Бишкекте коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык конференция өттү

Коом 1 октябрь 2026 18:20
WhatsApp Image 2026-10-01 at 15.57.30 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-01 at 15.57.30 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-01 at 15.57.30 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-01 at 15.57.30 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-01 at 15.57.30.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-01 at 15.57.30 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-01 at 15.57.30 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-01 at 15.57.30 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-01 at 15.57.30 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-01 at 15.57.30.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн Бишкек шаарында өткөн “Коррупциянын алдын алуунун заманбап механизмдери: эл аралык стандарттар жана аймактык тажрыйбалар” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Иш-чарага 2025-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн Мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле илимий-эксперттик коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Конференциянын жүрүшүндө алдыңкы эл аралык жана аймактык тажрыйбалар менен бөлүшүлүп, коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүүнүн заманбап механизмдери талкууланды, ошондой эле өлкөдөгү коррупцияга каршы ишмердүүлүктү жакшыртуу боюнча практикалык сунуштар иштелип чыкты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков өз сөзүндө коррупция чечимдердин сапатын төмөндөтөөрүн, жарандар жана бизнес үчүн тең эмес шарттарды түзөөрүн, ресурстарды рационалдуу пайдаланууга тоскоол болоорун жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди начарлатаарын белгиледи.

Ал коррупция юридикалык гана эмес, экономикалык да коркунуч катары караларын айтты. Ошол эле мезгилде, азыркы коррупциялык тобокелдиктердин мүнөзү да өзгөрүп жатат. Бул тобокелдиктер ачык-айкындуулук жетишсиз болгон, кызыкчылыктардын кагылышуусу бар, кызмат адамдары ашыкча ыйгарым укуктарга ээ же көзөмөл начар болгон жерлерде пайда болот.

Сөзүнүн соңунда Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков президент Садыр Жапаровдун “Коррупция – бул мамлекеттик башкаруу институттарын жок кылуучу, коомдук ишенимди кетирген жана экономикага тоскоол болуучу мите курт. Биздин максатыбыз - бул көрүнүштү түп тамырынан бери жок кылуу” деп айткан сөздөрүн мисал келтирди.