Адилет Орозбеков Азербайжандын президенти менен жолугушууга катышты

Саясат 17 сентябрь 2026 17:30
812132873_1676172141184080_9061474177874963210_n (1).jpg
805923489_1676172407850720_952805877249191270_n.jpg
813715066_1676172387850722_4916609365820684256_n.jpg
811710849_1676172444517383_1287067330555086746_n.jpg
808802510_1676172464517381_7109264716279319291_n.jpg
807758581_1676172354517392_2902640497916745425_n.jpg
812427146_1676172284517399_848872920380778399_n.jpg
812224103_1676172277850733_743303715356255719_n.jpg
809632580_1676172147850746_844074720127854749_n.jpg
814575360_1676172227850738_6138234498746204372_n.jpg
809766916_1676172217850739_2637754458858237987_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиев менен жолугушууга катышты.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, жолугушуу бүгүн, 17-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын бешинчи жыйынынын алкагында орун алды.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев коопсуздук кеңештеринин катчылары менен кызматташуунун учурдагы абалы жана келечегин талкуулап, аймактык коопсуздуктун жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Адилет Орозбеков Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун айткан саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле Кыргызстан аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоону ырааттуу түрдө жактап келе жатканын белгиледи.

“Ошол эле учурда биз бардык өнөктөш мамлекеттер менен өз ара сый-урмат жана жалпы кызыкчылыктарды эске алууга негизделген конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүнө ишенебиз. Дал ушул биргеликте аракеттенүү бизге координацияланган мамилелерди иштеп чыгууга жана коопсуздук жаатындагы орток кызыкчылык жараткан маселелер боюнча натыйжалуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берет”, - деп жыйынтыктады Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков.