Кыргызстан жана Казакстан коопсуздук боюнча пикир алышты

Саясат 16 сентябрь 2026 16:20
805660386_1675162607951700_4400577795772406359_n.jpg
802777806_1675162574618370_2288770199948717821_n.jpg
812255228_1675162551285039_6854693871670037492_n.jpg
Алдыга
Артка
805660386_1675162607951700_4400577795772406359_n.jpg
802777806_1675162574618370_2288770199948717821_n.jpg
812255228_1675162551285039_6854693871670037492_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн Баку шаарында Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Балаева менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын бешинчи жыйынынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечегин талкуулап, аймактык коопсуздуктун жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Кыргыз тарап Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы менен Казакстандын Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана колдоо деңгээли коопсуздук маселелерин өз ара урматтоого, ишенимге жана жакын коңшулук мамилелерге негиздеп чечүүгө болорун көрсөткөн жакшы мисал экенин белгиледи.

Адилет Орозбеков бүтүндөй Борбор Азия аймагында туруктуулук болбосо, биздин мамлекеттердин коопсуздугу мүмкүн эместиги, ошондуктан Кыргызстан ар дайым эки жактуу жана көп тараптуу мамилелерди бекемдөөнү жана ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы турууну колдой турганын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ар кандай форматтарда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.