Улуттук госпиталда жети бейтаптын кулагына кохлеардык имплант коюлду

Ден соолук 05 Ноябрь 2025 17:05
575153598_851317630628940_1401919471624376129_n.jpg
574348692_851317627295607_8816898369165926415_n.jpg
576525893_851317623962274_3783987313595333351_n.jpg
574917542_851317620628941_6924892917115811337_n.jpg
Алдыга
Артка
575153598_851317630628940_1401919471624376129_n.jpg
574348692_851317627295607_8816898369165926415_n.jpg
576525893_851317623962274_3783987313595333351_n.jpg
574917542_851317620628941_6924892917115811337_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Угуусу бузулган бейтаптарга кохлеардык имплант коюу операциялары жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Улуттук госпиталдын базасында Катардан келген адистер менен биргеликте кохлеардык имплант коюу операциялары ийгиликтүү өттү.

Операциялар толугу менен акысыз негизде жасалды. Муну менен өлкөнүн ар кайсы региондорунан келген жети чоң адам угуу жөндөмүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Операцияларды өткөрүү үчүн керектүү материалдарды катар тарап камсыздады. Улуттук госпиталдын дарыгерлери кохлеардык имплантация жаатында өз кесиптик чеберчилигин жогорулатып, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Маалымат үчүн: Кохлеардык имплантация — бул угуу жөндөмүн олуттуу деңгээлде жоготкон адамдардын угуусун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берген жогорку технологиялык хирургиялык ыкма.