Улуттук госпиталда балдардын мээсине татаал операциялар ийгиликтүү жасалды

Ден соолук 13 Октябрь 2025 15:59
561142554_832399785854058_4932739502119055986_n (1).jpg
515493456_832399752520728_2922881868933988734_n (1).jpg
559296803_832399749187395_5440223769305877329_n (1).jpg
Алдыга
Артка
561142554_832399785854058_4932739502119055986_n (1).jpg
515493456_832399752520728_2922881868933988734_n (1).jpg
559296803_832399749187395_5440223769305877329_n (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Улуттук госпиталдын базасында мээнин оор кан тамыр ооруларына – аневризма жана артериовеноздук мальформацияга (АВМ) – чалдыккан балдарга жогорку технологиялуу эндоваскулярдык операциялар ийгиликтүү жүргүзүлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, операция Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жана Улуттук госпиталдын нейрохирургдарынын биргелешкен тобу тарабынан жасалды.

Операциялар заманбап ангиографиялык операциялык бөлмөдө, интраоперациялык визуалдаштыруунун эң жаңы ыкмалары колдонулган шартта өттү.

Мультидисциплинардык командага эндоваскулярдык нейрохирургдар, анестезиолог-реаниматологдор, рентген-лаборанттар жана жандандыруу бөлүмүнүн дарыгерлери кирди.

"Мындай ыкма жогорку деңгээлдеги коопсуздукту, так диагностика жана дарылоонун натыйжалуулугун камсыз кылды.

Интервенцияга чейин кан тамырлардын анатомиялык өзгөчөлүктөрүн, патологиялык түзүлүштөрдүн көлөмүн жана жайгашкан жерин аныктоо максатында деталдаштырылган ангиографиялык диагностика жүргүзүлдү.

Адистер коллегиалдык талкуулоодон кийин ар бир бейтап үчүн оптималдуу дарылоо тактикасын тандашты", - деп айтылат маалыматта.