Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик: Окумуштуулар үчүн атайын курс жыйынтыкталды

Коом 2 март 2026 19:00
WhatsApp Image 2026-03-02 at 16.54.24.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-02 at 16.54.21 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-02 at 16.54.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-02 at 16.54.22 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-02 at 16.54.22.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-02 at 16.54.23.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 2-мартта президентке караштуу Улуттук илимдер академиясында президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган илимий институттардын жетекчи кызматкерлери үчүн окутуу курсу жыйынтыкталды.

Аталган окуу курсу президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

Жыйынтыктоочу иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев катышты. Ал уңгу жолдун мазмуну жана анын билим берүү тармагындагы мааниси тууралуу өзүнүн ой-пикирин билдирүү менен бирге окуу курсунун угуучуларына атайын даярдалган сертификаттарды тапшырды.

Окуу курсун аяктаган насааткерлер өздөрү эмгектенген мекемелердин жамаатына, коомчулуктун өкүлдөрүнө уңгу жолдун мазмунун кеңири түшүндүрүп, жаштардын улуттук аң-сезимин калыптандырууга жана маданий мурастарды сактоого багытталган иш-аракеттерине алган тажрыйбаларын кеңири пайдалана алышат.